Баетов айылынын тургундары, жаштар, аксакалдар кеңеши, депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук угууда “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоору талкууланды. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турусбеков Талант долбоордун милдеттерине токтолду.
Долбоордун негизги милдеттери таштандыларды чыгаруу жана пластмасс, полиэтиленден жасалган буюмдарды кайра иштетүу боюнча Баетов айыл аймагынын алдында “Таза аймак” муниципиалдык ишканасын түзүү. Жергиликтүү тургундарды таштандыларды сорттоо боюнча окууларды өтүү, эл менен бирге төлөмдөрдүн тарифин аныктоо, 17 атайын таштандыларды чогултуу жайларын куруу жана 17 темир контейнерлерди коюу.
Долбоорду баштаардан мурда туруктуулугун ойлойбуз. Анткени акча берип кетиш оной, бирок анын туруктуулугу башка сөз-дейт “Жарандык коомду колдоо” коомдук бирикмесинин координатору Кыял Султанбаева
Силер пластик таштандылар менен тиричилик, курулуш таштандыларын бөлүп таштаганга өзүңүздөр даярсыздарбы? Туруктуулук жөнүндө эмнеге айткым келип жатат. Биз пластик таштандыларды майдалаган аппарат алып беребиз. Ошол аппарат менен майдалап кайда алып барасыздар, Бишкекке алып барасыздарбы. Эгер сиздер таштандыларды бөлбөсөңүздөр, айыл өкмөттүн аны жасоого убактысы жок», деди Кыял Султанбаева.
“Айыл демилгеси” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айнура Мадраимова:
Долбоордун негизги максаты ушул болуп жатат. Коомчулук калктын бир өзүнчө социалдык механизмин иштеп чыгып, аны өнүктүрүү. Демек адегенде долбоор башталгандан кийин материал түшүп жатабы жокпу, тендер өткөрүлүп жатабы жокпу, башында демилгелүү жумушчу топ түзуп көзөмөлдөөгө алып, туура, туура эмес болгонун калкка жеткириш керек-дейт.
Ал эми демилгелүү жумушчу топтун мүчөсү Жукеш уулу Максат топтун максаттары жана укуктары тууралуу буларды айтты:
Баетов айылынын социалдык өнүктүрүү планын түзүүгө жана маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле жергиликтүү жана тышкы ресурстарды тартуу, алардын колдонуусу боюнча мониторинг жүргүзөт.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сулайманов Абдумалик өз кезегинде айыл тургундарын долбоорду ишке ашырууда көмөк көрстүүгө чакырды:
Бардыгыңыздарды уюшкандыкка, демилгелүүлүккө, ынтымакка чакырам. Мындай долбоор биздин райондо биринчи жолу болуп жатат. Ушул долбоорду жакшы ишке ашырып, туруктуу болуп, элдин көйгөйүн чечет деп ишенебиз. Биздин эл ынтымактуу,ашарды, демилгени жакшы көтөргөн эл деп сиздерди өзүмдүн, элдин атынан ишендирип кетем.
Даярдаган: Б. Мамытбекова