Ак-Талаа районунда мектептер аралык олимпиада Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 24-25-январда өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Предметтик олимпиадага 18 мектептен 365 окуучу катышып, 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты. Олимпиаданы өз деңгээлинде талапка ылайык өткөрүү үчүн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштуруу комитети түзүлгөн. Олимпиадага катышкан окуучулар атайын комиссия түзгөн тапшырмаларды аткарышты.
Эки күнгө созулган олимпиаданын жыйынтыгы менен байгелүү орундарга ээ болгон 120 окуучуга грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылса, булардын ичинен 32 окуучу облустук турга катышууга жолдомо алышты. Ал эми жалпы мектептер боюнча командалык эсепте район боюнча 1-орунга Ш. Бейшеналиев атындагы мектеп 37 упай, 2-орунга Э. Карасартов атындагы мектеп 31 упай, 3-орунга Ж.Сатылганов атындагы орто мектептери ээ болушту.
Даярдаган: Б. Мамытбекова