Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы ,,Бугу-эне» самын жамааты 5 жылдан бери табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн пайдалуу самындарды жасап келишет. Бул жамаат мурда кээ бир самындарына бренд алышса, азыркы учурда жаңырган жылдын 20-яанварында ,,Ысык-Көл брендине» ээ болушту. ,,Бренд» бул баардык талаптарга жооп берет дегенди билгизет.
Колдонуучулардын укугун коргоо союзунун облустук төрагасы Үсөнов Сулайман төмөндөгүлөрдү билдирди:
,, Бизде 20 адамдардан турган комитет бар аларга: сүрөтчүлөр, тазалык боюнча, мамлекеттик нормага ылайыктоочу адамдар, дизайнерлер бар ушул адамдар карап, баалап сертифкат татыктуу болсо беребиз. Муну бергенден кийин сатканга жакшы болот, товарды алганы келген адамдар да а бул бренддүү продукция экен деп кызыгып алышат. Азыр биз бул ишканага берип жатабыз, бул жаамат жакшы жасалгаланган баардык талаптарга жооп берет», -деди Үсөнов Сулайман.
«Бир айыл бир продукт» кыймылынын төрайымы Махабат Жакеева эмне үчүн ,,Бренд» берилээрин белгилеп өттү.
,,Биз менен чогуу иштешкен атайын ,,Ыссык-көл бренд» деген комитетибиз бар. Бул комиттет ар кандай секторлордон түзүлгөн, мисалга алганда туризм сектору, ишкерлер сектору, окуу сектору, мамлекеттик органдардын сектору бар. Булар өздөрү чыгарып жаткан продукциясына сертификат алышы керек. Сертификат сапатына, жасалгаланышына ж.б. карата берилет. Ошол талаптардын негизинде биз ,,Бугу-эне жамаатына» ,,Бренд» деген логотипти ыйгардык.
Карасаев айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Курманбек Кайыков Бугу-эне жамаатынын жетишкен ийгиликтеерине кубанганын жашырган жок .
«Бугу эне жамаатынын уюшулганына 2015-жылы беш жыл болот. Кыздарыбыз облус боюнча биринчилерден болуп сертификат алганы биз үчүн чоң сыймык болду. Биз бул жамаатты колубуздан келишинче аракеттерди жасап колдоолорду көрсөтүп турабыз»
,,Бугу-эне жамаатында» эмгектенген Анаркүл Эсенбаева мындан ары да жасаган продукциялардын сапатын кетирбей, татыктуу иштешерин билдирди
,,Биз бул ,брендге жетиш үчүн көптөгөн эмгектерди жасадык, буюрса үзүрүн көрүп отурабыз. Эмгегибиздин натыйжасында текшерүүлөрдүн баардыгынан өтүп, талаптарга жооп берип ,,Ыссык-көл брендине» ээ болдук. Биз буга чейин да сапаттуу самындарды жасап келгенбиз, мындан ары да жасай беребиз»- деп билдирди Анаркүл Эсенбаева.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Турдуматов Чынтурсун.