Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 мектебинин окучусу Азат Тилекбеков көп жылдан бери пластилинден адамдардын жана жаныбарлардын образын жасап келет. Ал пластилинден ар кандай темадагы чыгарманын каармандарын жана жаныбарларды жогорку деңгээлде жасайт.
Азат өзүнүн таланты жөнүндө жана келечекте мыкты скульптор болгусу келээрин билдирди: ,,Мен бош учурумду бекер кетирбестен ар түрдүү нерсрлерди жасайм, мисалы Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жана бийчи Атай Өмүрзаковду да жасадым. Мен бул нерселерди кичинекей кезимде эле агам экөөбүз жасачубуз, ошондон бери кызыгып жасап келем. Мындан ары да өзүмө жаккан ар түрдүү нерселерди көбүнчө жаныбарларды жасагым келет жана жасайм»-деди ал.
Эсенкан Токталиев кол эмгек сабагынын мугалими жана ,,Жаш чеберлер» ийриминин жетекчиси. Ал Азаттын өтө так жана тыкан экенин, Азаттын жасаган иштерин көрүп келечекте Кыргызыстанга салымын кошкон мыкты скульптор болооруна ишенээрин билдирди. ,,Азат мектепте ,,Чебер колдор» ийриминде иштейт ошол жерде өзүнүн активдүүлүгү менен мыкты иштерди жасайт. Ал 2011-жылдан 2013- 2014-жылы жакшы көрсөткүчтөрдү бере алды. Азат өзүнүн иштеринде негизинен көркөм иш аракеттерди жасоодо, скульптура жана чопо, пластилинден иштөө боюнча өтө чеберчилигин, жигердүүлүгүн көргөзө алды», деди Эсенкан Токталиев.
Ушул жасаган иштери боюнча Азат Түп районунда 1-орунду, облус боюнча 2-оорунду ээледи. Негизинен 5-6-7-8 класстарда кол эмгек сабагы өтүлөт ал эми 9-класстарга кол эмгеги сабагы кыскартылып салынган. Бирок Азат кол эмгек сабагын окубаса да ушул мезгилге чейин активдүүлүгүн көрсөтүп катышып жатат.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов.