Сүлүктү шаарындагы жеке менчик «Ак жол» жоопкерчилиги чектелген көмүр өндүрүүчү ишканасында иштеп жаткан өткөөлчү көмүр газына ууланып каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сүлүктүдөгү №1- куткаруучу мобилдик взводунун куткаруучулары өз убагында жеткенине карабастан кенчинин өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Адистердин айтуусунда көмүр газынын концентрациясы нормадан жогору болгон учурда бир эле дем алган киши заматта эсинен танат жана анын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн болот. Анткени көмүр газы көмүр кычкыл газына салыштырмалуу өтө уулуу болот. Ошондой эле түссүз жана жытсыз болгондуктан атайын прибор менен гана аныкталат. Мындай кырсыктын алдын алуу үчүн көмүр кендеринде аба алмаштыруучу стволдордун болуусу шарт. Жок дегенде дайыма вентиляторлор менен желдетилип туруусу керек. Ал эми жаңы ачылып иштей баштаган шахталар коопсуздук нормаларын толук камсыз кылбай туруп иш баштагандыктан кокустуктар болуусу күтүлөт.
«Көмүр кендеринде кырсык акыркы күндөрү көп катталгандыктан бул маселени кароо үчүн чукул арада жыйын өткөрүүнү жана чара көрүүнү жергиликтүү аткаруу бийлигине тапшырдым жана көзөмөл кыламын»- дейт шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаилов.
Бүгүнкү күнү «Ак жол» ЖЧК нын ишмердүүлүгү токтотулган жана кырсыкты иликтөө иштери башталган.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров