Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде социалдык мугалими Карыбай кызы Жыпара даярдаган «Биз зордук зомбулукка каршыбыз» деген ураандын астында ата-энелер үчүн тренинг ѳткѳрүлдү. Балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу, чечүү, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, алдын алуу боюнча ѳткѳрүлгѳн тренинг «Үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун алдын алуу» деп аталды. Бул тренинг 5-6-7- класстар арасында ата-энелер үчүн ѳткѳрүлдү. Ар бир баласына кайдыгер карабаган ата-энелер келип катышып маалымат алышты. Балдарга болгон зордук -зомбулукту актоого болбойт, бирок алдын- алууга болот.

Мындан тышкары тренингдин жүрүшүндѳ зордук-зомбулук жѳнүндѳ «Азалия», «Сатар», «Нурбек» атуу даректүү тасмалар кѳрсѳтүлүп талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндѳ баланы тарбиялоодогу эң мыкты ыкмалар, үй-бүлѳдѳ бала кандай зомбулуктарга туш болот, баланы кантип зомбулуктан коргойбуз деген темаларга ата-энелер тарабынан презентациялар жүргүзүлдү. Мындан тышкары, мектеп мугалимдери ар бир окуучунун үйлѳрүн кыдырып, үй шарттары менен таанышып, окуучунун үй-бүлѳсүн аныктоо актысын да толтуруп жаткандыгы жѳнүндѳ маалымдалды.

Балдарга болгон катаал мамиле жана зомбулуктун алдын алуу менен бирге балдардын жашоо-турмушуна жагымдуу жагдай жаратууну унутпасак.
Даярдаган: Эрлан Абласов