Карасаев айыл аймагындагы үч айылда кайрымдуулук фонду көптөгөн муктаж болгон адамдарга жардам берди. Бул фонд өзүлөрүнүн чакан айылына майып жардамга муктаж болгон адамдарга жардам кылуу ниетинде уюштурулган.
Токтоян айылынын «Боорукер бол» Кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундуновдун айтуусунда:
«Муктаж болгон үй- бүлөлөргө жетим жесирлерге, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү максатыбыз. Кудайдын буйругу, ошол буйрукту аткарып жатабыз. Элдерге ар кандай кийим кече, жылуу жууркан, кайрымдуулукка эмнелер кирсе, ошолорду берип атабыз. Кайрымдуулук деген төрт критерий менен каралат, майып адамдарга инвалиддердин баардык түрү, көп балалуу, ошондой эле, жетим балдар боюнча үч жүз алтымыш балага жардам берилет. Андан тышкары, жылуу жууркан менен камсыз кылып атабыз. Биз менен чогуу иштеген фондун кызматкерлери бар ондон ашык, ошолор менен чогуу иш алып барабыз».
Токтоян айылынын «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун мүчөсү Хамит Тыналиев төмөнкүдөй билдирди:
«Уюштуруучу кыйын болот экен. Уюштуруу ичинде талбай барабыз деген жагына барып, жетебиз деген жагына жетип, сүйлөшүп ар кандай көйгөйлдөрдүн ичине кирип, аралашып, ошол элдердин сөздөрүн угуп, ошол чындыгында ошол көйгөй көйгөйбү, чындыгында элге керекпи, ошонун баарын өз көзүнчө барып чакырган жерлерине барып, облустун аймактарын бүт кыдырып, өзүнүн акыбалдарын угуп, анан алардын кошумча документин материалдарга даярдап, түшүнгөндөн кийин анан демөөрчүлөргө алардын материалдарды жөнөтүп, ошол боюнча көп пландык иштерди моюнуна алган болчу. Мына ошол иштерди аткарып, 8 бала бакча, 7 ФАП таза сууга муктаж, бул элдин проблемалары экендигин аныктадык»,- деп билдирди.
Тогузбай айылынын тургуну «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунан жардам алган Кызжибек Молдакматованын айтуусунда:
«Бизге бул «Боорукер бол» кайрымдуулук фондусу балдарынан ажыраган жана жакыр жашагандарга көп жардам берди десек болот. Мен «Боорукер бол» фондуна терең ыраазычылык билдирем, жеке эле бул фонд эмес колунда бар адамдар да колунда жоктор дагы дайыма жүрөгүндө ыйман болсо, ошондо баары тен жакшы жашоого жетишет деп ойлойм жана мен Кыргызстандыктарга каалап кетерим, эч убакта балдар ата-энесинен ажырабашын каалар элем. Мен бул жардам бергенине аябай кубанычтамын өтө чоң жардам болду деп эсептейм. Бүгүнкү иш чара Тасма, Тогузбай, Токтоян айылында жашагандар үчүн чоң жетишкендиктер болду.»
Даярдаган: Аяна Элеманова, Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова