Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагында экинчи жолу кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул айыл аймакка Токтоян, Тогузбай жана Тасма айылы кирет.
Бул иш-чаранын болушуна Токтоян айылынын тургуну жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов белгилегендей, Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду уюштуруп берди. Бул жолу көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөр тамак –аш жана аздан кийим кечелер менен камсыз болушту.
«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон, уланаары тууралуу баяндады:
«Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарга үч айылдан келген тургундар катышты. Анын ичинде мектеп жашындагы балдарга кышкы кийимдер толугу менен жана пледдер берилген. Бүгүн күнү тамак –аш менен камсыздоо ошону менен бирге көӊүл тартуулоо ирээтинде кичи концерттик программа уюуштурулду. Концерттик программада А.Коенкөзов орто мектебинин окуучулары катышышты”,-деп билдирди өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.
Даярдагандар: Нурланов Канат, Уланбек уулу Султанбек