Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Алтын Тамгага» талапкер Сүлүктүлүк беш окуучунун ичинен Эркинова Айзада бардык талаптар боюнча татыктуу болуп, мамлекеттик тестти ийгиликтүү тапшыруу менен жетишти.
Белгилей кетсек, Айзада Эркинова №9-гимназиянын бүтүрүүчүсү. Аталган мектепте 1-класстан бери жалаң «5»-деген баа менен окуп келе жатат.
«Кызым биологиядан шаардык, тарыхтан облустук математикадан Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Айзада быйыл Грецияга окууга жолдонмо алды. Азырынча кайсыл жогорку окуу жайга барууну чече элекпиз,»- дейт атасы Бакытбек Сапаркулов. «Кайсыл окуу жайын тандаса деле окута беребиз, негизи Айзаданын өзүнө жакса эле болду,»- дейт апасы Барчынай Ибрагимова.
«Мектептен сырткары иштерде да Айзада эже алдынкылардан. Бир жылдан бери бизге дебат клуб боюнча мастер класс өтүп келет,»- дейт 10 класстын гимназисти Нускайым Самадова.
Кабарчы: Бактыгүл Калмурзаева