2024-жылдын 25-ноябрында Кыргызстандын Эл аралык университетинде «Борбор Азияда «Бир алкак бир жол» демилгесинин сапаттуу жана туруктуу өнүгүүсүнүн келечеги» аттуу макала жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Иш-чаранын максаты – Кытайдын эң ири эл аралык демилгесинин ишке ашырылышы жана анын Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүүгө, анын ичинде Кыргызстанга тийгизген таасирин талкуулоо.
Негизги темалар:
— «Бир алкак — бир жол» демилгесинин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүдөгү ролу.
— Кытайдын модернизациялоо моделинин Борбордук Азия өлкөлөрүнө тийгизген таасири.
— Аймактык кызматташуу жана туруктуу өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр.
— Кыргызстан үчүн «Бир алкак бир жол» демилгесинин келечеги жана чакырыктары.
Аталган жыйнакта Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын байланышынын келечектүү багыттары тууралуу маанилүү эмгектер жазылган. Бул иш-чарада эл аралык ишке ашыруунун негизги аспектилери талкууланды.