Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда. Айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатат.

Бозо жасаганыма бир ай болду бозонун пайдалуу жактары көп болгондуктан бозо
жасап чыгаруудамын дейт Лиза Кыдырбаева.
“Бозону сатууда көп кардарлар келүүдө. Кээ бир кардарлар сыранын ордуна бозо алып ичсе жакшы экен деп алууда. Айылда кош бойлуу келиндерге кайын энелери кан болсун, деп бозо алып берүшүүдө. Бозону жасоодогу кыйынчылыктарды бозо жасаган адам гана билет”, — дейт Кыдырбаева.

Лиза айымдан бозо сатып алып турган айыл тургуну Гүлнар эже бозонун даамы балдарга ылайыкталып жасалганын айтат.

“Даамы жаккандыктан, ден-соолукка пайдалуулугуна карап алып жатабыз. Чындыгында бозо жасоонун да кыйынчылыктары бар, ага карабастан Лизанын жасаганы деле жакшы болуп жатат да. Элдер да сатып алып жатат, өзү да акча кылып алат”, — деген оюн билдирип өттү айыл тургуну.
Даярдаган: Алина Амантурова
Сынак үчүн
АА