Сары-Булак айыл аймагынын Төлөк айылындагы Бучук БСРинде (суу сактагычында) оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө. Иш-чарага Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери менен катар жергиликтүү 75 аз камсыз болгон жана жумушсуз жаран тартылып, аларды эмгек менен камсыз кылуу багытында да маанилүү иштер аткарылууда.
Сары-Булак айыл аймагынын Төлөк айылындагы Бучук БСРинде учурда практикалык иштер активдүү жүргүзүлүп жатат. Суу сактагычтын абалын жакшыртуу, аймакты иретке келтирүү жана суу чарба объектисинин иштөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу багытындагы иштерге Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын адистери тартылган.

Мындан тышкары, БСРдеги иштерге жергиликтүү тургундар да активдүү катышууда. Тактап айтканда, айылдагы 75 аз камсыз болгон жана жумушсуз жаран убактылуу жумушка тартылып, өз айылындагы маанилүү инфраструктуралык объектини жакшыртууга салым кошууда.

Бул демилгенин өзгөчөлүгү – суу чарба объектисиндеги иштер менен катар жергиликтүү калкты убактылуу жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүлүп жаткандыгында. Айыл тургундары эмгекке тартылып, өз кезегинде коом үчүн маанилүү болгон ишке катышып жатышат.
Жергиликтүү жарандарды колдоо максатында аткарылган иштердин алкагында БУУнун ДАТП азык-түлүк программасына атайын долбоор өткөрүлгөн. Долбоордун негизинде ишке тартылган жарандар аткарган эмгеги үчүн азык-түлүк түрүндөгү жардам ун жана май менен камсыз болушат.

Мындай ыкма бир жагынан аз камсыз болгон жана жумушсуз жарандарга колдоо көрсөтсө, экинчи жагынан айылдагы маанилүү суу чарба объектисинде керектүү иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бучук БСРи Төлөк айылы жана анын айланасындагы аймак үчүн маанилүү суу чарба объектилеринин бири болуп саналат. Андыктан анын абалын жакшыртуу, суу сактагычты талаптагыдай кармоо жана инфраструктурасын чыңдоо айыл чарбасы менен жергиликтүү калктын турмушу үчүн маанилүү.

Учурда Бучук БСРинде жумуштар белгиленген багытта улантылып, жергиликтүү тургундар да иштерге активдүү катышууда. Коомчулуктун жана тиешелүү мекемелердин биргелешкен аракети менен суу чарба объектисин жакшыртууга жана жергиликтүү калкты колдоого багытталган иштер мындан ары да улантылат.
Бучук БСРиндеги бул иш – суу чарба объектисин жакшыртуу менен катар айыл тургундарын эмгекке тарткан, алардын үй-бүлөлүк шарттарына колдоо көрсөткөн маанилүү социалдык демилге болуп саналат.
Бурул Майрамбек кызы