Т. Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Арык-Тейт айылында Швейцария мамлекетинин жана Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн жардамы менен фитнес клубу ачылды. Фитнес клуб «Сергек жашоо ден соолукту чыңдоо» долбоорунун алкагында уюшулган. Фитнес клубунун ачылышына Т. Кулатов айыл өкмөтү тарабынан 150 миң сом акча каражаты берилген.
Концерттик кече учуру
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев, айыл тургундарынын ден соолугунун чың болушу үчүн фитнес клуб ачууга жардам көрсөткөнүн билдирип, каалаган айыл тургуну келсе болоорун билдирди.
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев
Келген коноктор сүйлөп жаткан учур
Ноокат батыш райондук ден соолук комитетинин жетекчиси, Арык-Тейт айылынын тургуну Анипа Сыдыкова: «Бүгүнкү күн кубанычтуу күн болуп жатат, анткени өзүмдүн элиме жугуштуу эмес ооруларынын алдын алууга максатында Швейцария мамлекети жарыялаган сынакка катышып жана Т. Кулатов айыл өкмөт башчысынын жардамы менен фитнес клуб кайтарымсыз 850 миң сомдук грант утуп алдым. Бул фитнес клубуна жаш айырмачылык чектөө жок. Жаш аялдар да, жашы улгайган аялдар да келип машыкса болот»,- деп билдирди.
Анипа Сыдыкова
Жумагүл Көчкөнбаева