Өлкөнүн бир катар аймактарында 60дан ашуун өндүрүштүк ишкана ачылды.Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Беш-Буркан көмүр кени расмий түрдө ачылып, ишке кирди.

Иш кананын ачылышына Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Керимов Насипбек, “Кыргызкөмүр” ишканасынын түштүк филиалынын жетекчиси Маил Алияскарович, Ноокат районунун акими Чакибаев Эмил, Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров , Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы Абсатар Эшимбаев , Айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл тургундары катышты.

Иш чара учурунда

Көмүр кени
Ноокат районунун акими Эмил Чакибаев:

Эмил Чакибаев
» Бүгүн өзгөчө күн болуп турат анткени Кулатов айылында Беш-Буркан көмүр кени ачылып, пайдаланууга берилүү алдында турат. Иш кананын ачылуусу менен биргеликте 200 жумуш орду түзүлүп, айыл тургундары кубанууда.Иш кананын жалпы сметалык баасы 25 млн АКШ долларын түзөт. «- деп билдирди.


Жер астынан казылып алынган көмүрлөр

Иш чара учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева