Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жалпы 45 айыл болсо, анын 13 айылында таза суу менен камсыздоо маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев билдирди.

Маалымдалгандай, Сары-Камыш айыл өкмөтүндөгү Бирлик айылында, Э. Иманалиев айыл өкмөтүнө караштуу Аң-Арык, Бел-Кара-Суу, Бууракан, Камыш-Башы, Коңур-Өгүз, Көк-Кашат, Ортожон, Чеч-Дөбө, Шайык, Ак-Жар айылдарында, Токтогул шаарынын Кара-Суу айылында жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Кушчу-Суу айылында таза суу жок.

“Долбоорлор менен иштер аткарылып, 2005-2007-жылдары АРИСтин каржылоосу жана элдин салымы менен Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир, Абды Суйеркулов айыл аймагынын Кара-Жыгач жана Үч-Терек айыл аймагынын Жетиген айылдарынын таза суу түтүктөрү реаблитацияланып, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдары 2019-жылы таза суу долбооруна Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен кирип, 2024-жылы курулушу бүткөрүлдү», — дейт Тюкебаев.

Ал эми Токтогул шаарынын биринчи траншы бүткөрүлүп, жалпы сметалык баасы 5,2 млн евронун 3 млн евролук иштери аткарылгандыгын маалым болду.
“Башкы суу коргону 100 пайыз бүтүп, жумушчу комиссия болгон. Экинчи траншы 2025-жыл ичинде башталат. 2025-жылга сунушталган айылдар Кара-Күңгөй, Мазар-Суу, Кушчу-Суу, Кара-Суу, Арал, Толук, Терек-Суу, Чоң-Арык жана Торкен”, — деди ал.
Ошондой эле Кызыл-Өзгөрүш айылынын Өзгөрүш, Көк-Кашат, Камыш-Башы аталган 3 айылы экспертизадан өткөрүлүп, даярдалып бирок финансы каражатынын тартыштыгынан курулушу башталбай токтоп тургандыгын район башчысы кошумчалады.
Район жетекчилиги бул маселени чечүү үчүн эл аралык уюмдар жана мамлекеттик мекемелер менен ишти улантаарын билдирди. Таза суу — турмуштун негизи болгондуктан, ар бир тургун таза ичүүчү сууга жетиши керек.
Даярдагандар: Азема Кудуева