2025-жылдын 29-августунда, саат 17:32 чамасында өлкөдө жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Токтогул шаарчасынан 27 км түндүк тарапта, күчү 4.5 баллга жеткен (MSK-64 шкаласы боюнча). Магнитудасы – 4.3, энергетикалык классы – K=10.3.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн калктуу конуштарда сезилүү деңгээли төмөнкүдөй болду:
— Токтогул шаарчасында – 3 балл
— Шамык, Ак-Тектир, Терек-Суу, Кара-Суу, Комсомол, Бел-Алды айылдарында – 2.5 балл
— Сары-Сөгөт, Кызыл-Туу, Коргон, Арал айылдарында – 3 балл
Бул маалымат Институт Сейсмологии НАН КР тарабынан берилген:

Элибизди бөөдө кырсыктан сактайлы — коопсуздук ар бирибизден башталат
Кыргыз эли илгертеден «Сактанганды сактайт» деген накылды туу тутуп келген. Бүгүнкү күндө бул макал өзгөчө мааниге ээ. Себеби табигый кырсыктар, жол кырсыктары, өрт жана суу каптоо өңдүү кооптуу абалдар күтүүсүз болуп, элге чоң зыян алып келүүдө.
Жарандык коргонуу, коомдук тартип жана өз ара жардам көрсөтүү — ар бир жаран үчүн жоопкерчилик. Өзгөчө кырдаалдар учурунда тез кабар берүү, балдарга жана карыларга көмөк көрсөтүү, коопсуз жайларды билүү — күнүмдүк турмуштун зарыл бөлүгү болуп калды.
Мындан сырткары, жаратылышты коргоо, тазалыкты сактоо, инфраструктураны бекемдөө сыяктуу аракеттер кырсыктардын алдын алууга өбөлгө болот. Ар бир айылда, шаарда алдын алуу иштери жүрүп, элге түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүшү керек.
Элибиз аман, жерибиз тынч болсун. Бөөдө кырсыктардан арылуунун жолдорун үйрөнүп, биримдик менен сак бололу. Коопсуздук — мамлекет менен катар, ар бир жарандын иши!
Даярдаган: Азема Кудуева