Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 5-августундагы №510 буйругунун негизинде Токтогул районунда өзгөчө мааниге ээ болгон республикалык деңгээлдеги кароо-сынак фестивалы өткөрүлдү. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы менен маданият бөлүмүнүн биргелешкен аракетинде уюштурулду.


“Терме – акылдын айдыңы, курак – элдин байлыгы”- деген аталыштагы фестивалга өлкөнүн жети дубанынан келген кол өнөрчүлөр катышып, өз чеберчилигин, чыгармачылык дараметин кеңири көрсөтүштү. Ар бири кыргыз элинин бай мурасын чагылдырган терме, таар, курак сыяктуу улуттук өнөрдү жандандырып, заманбап ыкмалар менен айкалыштырган эмгектерин тартуулашты.

Иш-чара алкагында “Мал чарбасы, кыргыздардын кол өнөрчүлүктөрүнүн тоскоолдуктары жана чечүү жолдору”, “Жүндү кайра иштетүү” темаларында пайдалуу конференциялар өтүп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу уюштурулду. Райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору майрамдык концерт коюп, конокторго көӊүлдүү маанай тартуулашты.

Фестивалдын жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобу төмөнкү номинациялар боюнча мыктыларды аныктап, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды тапшырды: “Терме таар”, “Букары таар”, “Эки жүздүү терме”, “Беш кеште”, “Какма таар”, “Мыкты курак”, “Туш кийиз курак”, “Туштук курак”.

Бул фестиваль улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана жаңы муунга таанытууга чоң салым кошту.
Даярдаган: Азема Кудуева