Билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында мындай чечим кабыл алынды. Ага ылайык быйылкы окуу жылы менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү жайларында 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктайт. Окуу процессинде кандай өзгөрүүлөр болду алдыда кеңири айтып беребиз.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова kabar.kg маалымат агентигинин маалымат жыйынында окуу жылын уюштуруудагы айрым өзгөрүүлөр коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, окууну салтуу түрдө улануусунун артыкчылыктары эске алынганын айтат. Жамааттык иммунитет пайда болуусу үчүн калктын 70% эмдөөдөн өтүүсү зарыл. 15-сентябрга чейин вакцинанын 2-дозасын алып үлгүргөнгө шарт түзүлүп жатканын айтты:

Быйылкы окуу жылынын жургүзүүдөгү өзгөрүүлөр:
1-чейрек 15-сентябрда башталып 5-ноябрда аяктайт
8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алуу
2-чейрек 15-ноябрда башталып 31-декабрда аяктайт
1-январдан 10-январга чейин кышкы эс алуу
3-чейрек 11-январдан башталып 18-мартта аяктайт
21-марттан 27-мартка чейин эс алуу
4-чейрек 28-мартта башталып 8-июнда аяктайт
Акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт.
Мамлекеттик экзамендер: 10-июндан 1-июлга чейин жүргүзүлөт
9-класстарга күбөлүк тапшыруу 11-июль күнү
11-класстарга аттестат тапшыруу 15-июль күнү
Кабыл алуу компаниясы 20-июлдан 10-сентябрга чейин уланат.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева учурда эпидемиологиялык абал турукташып калганын айтат. Окуучулар мектепке барганда өзүн кандай алып жүрүү керектиги үчүн атайын алгаритм иштелип чыккан бул окуу жылында дагы ал эске алынат:

“Абалдын турукташып калганын себеби дагы ушул эмдөөдөн өткөнү болду. Өзүңөргө белгилүү болгондой вирустун 3 толкуну өттү. 3-толкунда оорунун бир топ жагдайлары белгилүү болуп, эл эмдөөдөн өткөнү үчүн ооругандар катталса дагы өлүм учуру аз болду. Жаз айларында окуу салтуу түрдө уюшулганда иштелип чыккан алгаритмдин негизинде окуу процессин ийгиликтүү жүргүзө алдык. Ошого карабай азыр окуу жылы башталганына 1ай убакыт бар ушул аралыкта эмдөөдөн өтө электер вакцина алуулары керек.”
Ал эми окуу жылынын узартылышы туризм тармагы үчүн дагы жакшы шарт түзүлгөнүн айтышат. Экономика жана финансы министрлигинин туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова бул өзгөртүүлөр ички туризм үчүн дагы ыңгайлуу болорун айтат:

“Кырдаалга байланыштуу былтыркы жылы туристтик сезонду ойдогудай өткөрө албай калдык. Мындан улам окуу жылынын узартылышын биз колдодук. Учурда Ысык-Көлдө эс алуучулардын аягы үзүлө элек. Муну менен туристтик сезонду узартууга шарт түзүлөт. Ошондой эле бул ички туризм үчүн дагы ыңгайлуу. Пандемиядан улам көпчүлүк ата-энелер балдары менен эс алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эми баалардын дагы төмөндөшү күтүлүп жатат андыктан ыңгайлуу болмокчу»
Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизберин айтат.
Айгерим Кубатбекова