Кыргызстандын айрым дарыканаларында акысыз дары-дармек текчелери орнотулуп жатат. Андан пенсионерлер, студенттер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар керектүү дары-дармектерди акысыз ала алышат. “Аптечка добра” аталышындагы долбоорду Мээрим Чекелекова жана Суупери Дүйшөнбекова Жаштар парламенти менен бирге жүзөгө ашырган.
Суупери, саламатсызбы? Алгач, “аптечка добра” долбоору туурасында маалымат берип өтсөңүз.
Суупери: Саламатсыздарбы? Биздин бул долбоор Жарандык идеялар фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Бул фонд 2011-жылы негизделип, Американын элчилиги тарабынан каржыланып келген. Бирок, 2016-жылдан тарта фонд өзүн-өзү каржылоого өткөн. Азыр бул фонддун алдында Жаштар парламенти ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жаштар парламенти бул жылы 10 жылдыгыбызды белгиледик жана 10 жылдан бери коомго өз кызматыбызды кылып келе жатабыз. Анын ичинде бүгүн биз сөз кылып жаткан “Аптечка добра” долбоору дагы бар. Жыл сайын биздин парламентке 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаштардын өкүлдөрүнөн долбоорлорду кабыл алуу болот. Ар бир жылы ар бир чакырылыштын депутаттары социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырат. Бул жылы кесиптешим Мээрим экөөбүз аталган долбоорду жүзөгө ашырып жатабыз.
Мээрим, сиздердин долбоордун негизинде дары-дармектер акысыз берилип жатат. Мындай долбоорду жүзөгө ашырууга эмне түрткү болду?
Мээрим: Негизи, мен кесибим боюнча дарыгермин. Өткөн жылы коронавирус башталганда көп адамдардын элементардык 5-10 сомдук дарыга муктаждыгын көрдүм. Алар мындай дарыларды алууга дагы мүмкүнчүлүгү жок, үйдө жата берип, коронавирус барган сайын күчөп, татаал түрүнө келген учурлар болду. Ошол эле учурда пенсионерлер, карапайым адамдар телефону жок болгондуктан, кайсы жерден жардам алышты билбей калып жатышты. Ошондо, мен дарыгер катары ар бир дарыканада акысыз дары-дармектер болсо деп кыялдангам. Муктаж болгон адамдар дарыканага ээн-эркин кирип, керектүү дарыны алып, үйдөн болсо дагы ичип, оорудан кутулса деген ой болгом. Ал эми азыр биздин долбоор жүзөгө ашкандан кийин, текчелерде дарыгердин көзөмөлүсүз ичүүгө мүмкүн болгон дарылар коюлат.
Дарылар жана алардын колдонулушу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр болдубу?
Мээрим: Ооба, биз долбоорду жүзөгө ашырууда алгач Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат алдык. Министрлик, дарыгердин көзөмөлүсүз ичиле турган дарыларга уруксат берди. Андай дарылардын 450дөй түрү бар экен. Ошолордун ичинен биз эң керектүү жана ооруну тез баса турган 30 дарыны тандап алганбыз. Алардын ичине парацетамол, цитрамон, аспирин ж.б кирет.
Бул акысыз дарыларды кайсы жерлерден алууга болот?
Мээрим: Бул дарыларды учурда Бишкек жана Нарын шаарындагы дарыканалардан тапса болот. Бишкек шаарында Байтик Баатыр 96, Чүй 273, Абдрахманов 129, Ахунбаев 67, Москва 154 даректериндеги дарыканаларда учурда биздин текчелер бар. Текчелер үй формасында жыгачтан жасалган. Бул дагы ар бир үйдө ден-соолук болсун деген маанини туюндурат. Андыктан, акысыз дары керек дегендер жогорудагы даректери айтылган дарыканалардан ушул текчелерди издесе болот. Негизи, башка аймактарда дагы мындай акысыз дары-дармек текчелерин коюу максатыбыз бар.
Суупери: Буюрса, биз Кыргызстандын бардык аймактарын акысыз дары-дармек менен камсыздоого аракет кылабыз. Бул жерде биз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “БИМЕД” дарыканасына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Себеби, бул дарыкананын Бишкек шаарындагы 5 филиалына биздин акысыз дары-дамек текчелерибиз коюлган. Андан тышкары, Нарын шаарындагы Нарын Жаштар Парламентинин депутаттары бир жума мурун “аптечка добра” долбоорун баштады.
Башка дарыканалар бул социалдык долбоорду колдогон жокпу?
Мээрим: Тилекке каршы, көптөгөн дарыканалар биздин бул социалдык долбоорду колдогон жок. Биз көп дарыканаларга барып сурандык, жалдырадык, телефон менен байланышка чыктык… Бирок, биздин долбоорду жогоруда аты аталган дарыкана гана колдоп, алар өздөрү дагы ичине дарыларды салып, көмөк кылышты.
Дарылардын коюлушун, мөөнөтүн кимдир-бирөө көзөмөлдөп турабы?
Суупери: Негизи биз жана дарыканадагы фармацевттер көзөмөл кылып турабыз. Ошол жердеги адистерден сурап маалымат алса болот. Керек болсо, адам өзүндөгү оорунун белгилерин, абалын айтып, кандай дары ичүү керектигин жана ал дары “аптечка добра” долбоорунун текчелеринде бар бекенин сурап, бар болсо алууга болот. Бирок, акысыз дарылар бардык каалоочуларга каалагандай көлөмдө бериле бербейт. Долбоордун максаты дарыга муктаж адамды камсыз кылуу. Андыктан, ал жердеги адис дарыга келген адам пенсионер, студент же жалгыз бой ата-энелер, көп балалуу адам экенин сурап, каттоого алат.
Касиет Кубанычбек кызы
Тимур жана анын командасы: Аймакта элди медиа сабаттуулукка окуткан жаштар
Аймактардагы ишкерлер үчүн “Айылдык Табышкер” долбоору өтүүдө