Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.