Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Кочкор: «АРИС» айылдарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда

«АРИС» программасынын негизги максаты Кыргызстанда чакан ишкерликти колдоп, жакырчылыкты туруктуу кыскартууну колдоо болуп саналат. 22-майда бул долбоор боюнча Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургундарына маалымат берилди.

22 Июнь 2022 жыл 23:09

Нарын облусу туристтерди тосконго даярбы?

Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону расмий ачылып, Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Ага өкмөт башчысы жана облус башчылары катышып, быйыл туристтер абдан көп …

22 Июнь 2022 жыл 20:21

Суусамыр: Жайыт жерлерди алтыганадан тазалоо

Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.

21 Июнь 2022 жыл 17:53

Кибер куугунтук жана өспүрүмдөр

Кибер куугунтук өспүрүмдөргө гана эмес бардык адамдардын менталдык, психологиялык ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мунун татаалдыгы көп учурда байкалбай калгандыгында. Өспүрүм айтпаса жардам сурабаса куугунтукка алынып жатканын билүү кыйын. Психолог Зейне …

21 Июнь 2022 жыл 12:23

Жайлоолорго көп малдын келиши менен жер кыртышы бузулуп бара жатат

Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …

20 Июнь 2022 жыл 12:16

Аарыларды сактоо жана көбөйтүү үчүн кеңештер

Коомдо көпчүлүк билбестен эко системага зыян келтиришет. Алардын кесепетин алдын алуу үчүн жана аарыларга кантип жардам берүүгө болору тууралуу пайдалуу кеңештер менен бөлүшөбүз.

20 Июнь 2022 жыл 8:10

Дашман коругунда «Парктар маршы» өттү

«Токойлорду сактоо токойчулардын, мугалимдердин колунда эмес, мектеп окуучуларынын колунда жана биз токойдон киреше алып, бирок анын ордуна токойго эч нерсе бербей жатабыз»,-дешет токой сакчылары. 

19 Июнь 2022 жыл 19:10

Адамзат жашоосунда аарылардын мааниси зор

Азыркы коомдо экологиянын туруктуулугун, өнүгүшүн жана сакталышын жаратылыш өзү сактап жана коргоп турарын бардык эле жаран биле бербейт. Бирок, адам баласы экологияга зыян келтирип, ошону менен бирге аарынын жаратылыштагы ордун …

19 Июнь 2022 жыл 18:50

Тогуз-Торо: Айыл аймактагы каналдар ондоп түзөөдөн өткөрүлдү

Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң каналынын башкы сооруженияны, Атай айыл аймагына караштуу Абык, Атай суу каналдарына суу берүүчү сооруженияларды куруп, Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Чамынды каналын ондоп түзөөдөн өткөрүштү.

19 Июнь 2022 жыл 15:01

Видео: Жол куруу иштери кызуу жүрүүдө

2020-жылдын октябрь айынан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Кочкор-Эпкин участогунда субподрядчылар, инженер тарабынан бекитилген бөлүктөрдө түздөн-түз курулуш иштерин башташкан. Азыркы күндө асфальт бетон заводу жана таш майдалагычын мобилизациялоо иштери аяктап, асфальт-бетон …

19 Июнь 2022 жыл 14:50

Казан-Куйган айылындагы үлгүлүү үй-бүлө унаа утуп алды

Нарын районуна карштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Нурдин Дүйшөнбеков жубайы Бегимай Айтбекова менен НТС теле каналынын «Үлгүлүү үй-бүлө» берүүсүнүн жеңүүчүлөрүнүн бири болушту.

17 Июнь 2022 жыл 16:17

Укалоо баланын өнүгүшү үчүн маанилүү

Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда балдарды массаж жасоочу атайын бөлмө бар. Массажга бир күндө 3-4 наристе келет. Аларга Назгул Алиякбарова дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык массаж жасайт. Анын айтымында өтө кичинекей …

15 Июнь 2022 жыл 16:40

№15 Кесиптик лицейде аскердик жыйын өттү

Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин жана Билим берүү спорттук техникалык коргонуу уюмунун базаларында (БСТКУ) аскердик жыйын өтүлдү. Жыйынга кесиптик лицейдин 460 окуучулары – “Шумкар” аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү катышты.

15 Июнь 2022 жыл 16:39

Тамеки тартуу – маселени чечпейт

Эгерде сиз кризистик жагдайга туш келсеңиз (үй-бүлө мүчөсү ооруп калса, сел же башка көйгөйлөр), эсиңизде болсун, тамеки тартуу менен аны чече албайсыз. Тамеки тартуу тарткан адамга гана зыян тийгизбестен, айланасындагы …

13 Июнь 2022 жыл 14:38

Акталаадагы Кара-Дөбө чөлкөмүндөгу жол оңдолду

Ак-Т­алаа районундагы  Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду.

11 Июнь 2022 жыл 18:20

Максатсыз чогулган акча максатсыз коройт

Финансылык сабаттуулук туура финансылык чечимдерди кабыл алуу жана жеке финансылык бакубаттуулукка жетүү үчүн керек. Жөнөкөй эле акча чогултуу адатын калыптандыруу менен сиз бир топ каржы көйгөйлөрүн алдына ала аласыз. «Ак-Босого» …

11 Июнь 2022 жыл 16:22

№15 кесиптик лицейинин студенти өз күнөсканасын ачты

Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин өсүмдүк өстүрүүчү (фермер) группасынын студенти Орозобек Салмоорбеков, өзүнүн чоң күнөсканасын Кочкор районунун Кара-Суу айылына салды.

10 Июнь 2022 жыл 16:11

Акталаада бүтүрүүчүлөр үчүн Акыркы коңгуроо кагылды

Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Салтанатка мектеп окуучулары. Мугалимдер, ата-энелер,  район жана  мекемелердин, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери катышты.

9 Июнь 2022 жыл 16:57

Оттук айылындагы экологиялык маданияттуу үй-бүлө

Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Рахатбек Эсенгуловдун үй-бүлөсү туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга аракет кылып келишет. Алар биринчи кезекте таштандыны бөлүп таштоону үйрөнүшсө, азыркы учурда жоопкерчиликтүү керектөө жагын колго …

8 Июнь 2022 жыл 19:23

Жамааттык медиа командасы “Онлайн коомчулуктун акселератору” долбооруна катышууда

Кыргызстанда ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу жана БУУөП тарабынан ишке ашырылган “Онлайн коомчулуктун акселератору” пилоттук долбоору ишке кирди. Анын бет ачары 7-июнда алдын ала тандалган 6 жарандык уюмдун өкүлдөрү катышуусунда болуп …

8 Июнь 2022 жыл 19:10
Шейшемби
15 Тогуздун айы 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...