Быйыл өлкөнүн булуң-бурчунда миңдеген гектар жер аянттарды зыяндуу курт-кумурскалар каптады. Алардын ичинен бийик тоолу Нарын облусунда ондогон гектар жерди курт каптап, дыйкандарга түйшүк жаратууда. Дыйкандардын айтымында, көбүнчө картошка жана беде аянттарында зыянкеч курттар көбөйгөн.
Жумгал районунун тургуну Азаман Маратбеков бир гектарга жакын жериндеги беде аянтын мала курту каптап, түшүмдүүлүктү азайткан. Ал жылына 100 түктөн ашык чөп жыйнап алган жеринен быйыл чөп аз чыкканын айтат.

Үкүчө курту
«Төрт гектар жерибиз бар эле. Көп жылдан бери беде өстүрөбүз. Быйыл мала курту каптап атат. Каяктан келгенин билбейм. Мунун мала жана үкүчө курту деп атышат, бирок так эмне курт экенин деле билбейм. Мына ушундай курттар көбөйүп, чыгым тартып жатабыз. Негизи меникин эле эмес, башка дагы талааларды каптады. Бир гана Нарын облусунда эмес, Көл, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй жактарды дагы каптады деп угуп атам. Муну тезинен жоготпосо бир гана дыйкандарга эмес бүткүл кыргыз элине дагы кедергисин тийгизчүдөй», — деди ал.
Маратбеков зыяндуу курттан тезинен кутулбаса, ал урукташып, көбөйүп кетсе анда кийинки жылы дагы мындан дагы эки эсе көбөйүшү ыктымал деген ойдо.

Мала курту
«Өкмөт залалсындаруучу унааларды көбөйтүп, берсе жакшы болот эле. Эптеп бир нерсе кылып, ууландырып жоготтуунун жолун издейт элек. Жазында айдоо башталат да. Быйыл эле көп акчага чыгым болдум, кийинки жылга чейин буларды жок кылыш керек», — деп белгиледи ал.
Өлкө боюнча айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жалпы айдоо аянты 2021-жылы 1 миллион 200 миңден ашык гектарды түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга көп. Анын ичинен Нарын облусунда 110 003 гектар айдоо жери бар.

Айдоо жерлер
Мындан сырткары, Кыргызстанда пайдаланылбаган айдоо жерлер дагы бар.

Курт-кумурсалардын саны азайып жатат…
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Аскарбек Сагынбаев зыяндуу курттар жылдан-жылга азайып келатканын айтат.

Химиялык каражаттар
«Ар бир айыл чарба өсүмдүгүнүн өзүнө жараша зыяндуу курт-кумурскалары бар. Алар жылда өсүмдүктөргө зыянын тийгизип турат. Булар дагы жашаш үчүн жейт да. Анан бир учурда алардын саны аябай көбөйүп кетет. Аны эч ким байкабай калат. Көбөйүп кеткенден кийин анан фермерлер даттана баштайт. Мамлекет тарабынан зыяндуу курттарга каршы коргонуучу каражаттар бөлүнөт. Бирок аны дыйкандар өздөрү сатып алышы керек. Ал эми биздин департаменттен болсо ал курт-кумурскалар менен кантип күрөшүү керектигин түшүндүрүп берет», — деди ал.

Химиялык каражатты чачуу процесси
Ошондой эле, ал зыянкечтерге каршы 159 миң гектар жер айдоо аянттарына химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Эксперттердин талдоосу
Ал эми Айыл чарба багытында көп жылдык тажрыйбасы бар эксперт Качкынбай Кадыркулов быйылкы жылы күндүн ысыгынан курттар көбөйүп кеткенин белгилеп, жыл сайын мындай көрүнүштөн сактануу максатында алдын ала дарыларды чачып туруу керектигин белгиледи.

Качкынбай Кадыркулов
Ошондой эле ал өз сөзүндө, зыяндуу курт-кумурскалардын көпчүлүгү чет мамлекеттен көчүп келип жатканын билдирди.
«Быйылкы жылы чынында күн абдан ысык болуп, чегиртке, коңуз жана башка курттардын түрү көбөйдү. Булар башка өлкөдөн келип жатат. Убагында алдын-алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Антпесе мындан дагы көбөйүп кетсе анда алардан арылуу кыйын болот. Жыл сайын дарыларды чачып туруш керек. Бул бирден бир жолу», — деди Кадыркулов.

Зыяндуу курттун бир түрү
Мындан сыркары, ал дыйкандарга жаан-чачын убагында дарыларды чачпоо керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, жаан дарыларды жууп кетиши ыктымал. Мындай учурда дыйкандар көп зыян тартышы мүмкүн.
«Негизи дыйкандар айдоо жерлерине зыяндуу курттарга каршы дарыларды чачуудан мурун, адистерден жакшылап ыкмаларын билип алуу зарыл. Ошол химиялык каражаттарды алууда дагы этияттап албаса, алданып калышы дагы мүмкүн. Алгач интернеттен жакшылап карап, изилдеп алуу- бул чоң ролду ойнойт. Кээ бир адамдар алдап башка дарыны сатып жибериши мүмкүн. Ошол үчүн колдон келсе адистер менен кеңешип алуу керек», — деди ал.

Химиялык каражаттар
Дүйнө жүзүндө курт-кумурсканын 1 миллиондон ашык түрү бар. Алардын 85%ы өсүмдүктөр менен азыктанса, калганы жаныбарлардан алынган азык-заттар менен тамактанат.

Анализ жасоо учуру
«Табиятта ар бир өсүмдүктүн, курт-кумурсанын өз орду бар. Мына ушуну менен азык чынжыры түзүлөт. Анан биз мөмө жемиштерди айдап, аларга жабышкан курттарды зыянкеч деп түшүнүп атабыз. Анан аларга каршы дары-дармектерди чачабыз. Бул деген белгилүү сандагы курттарды дүйнөдөн жок кылууга алып барат. Табиятынан зыяндуу жана пайдалуу курттар бар. Пайдалуу курттар зыяндууларын жеп келет. Эми биз дарыларды чачып зыяндуу курттар менен чогу пайдалуу курттарды кошо өлүмгө дуушар кылып жатабыз. Мунун кесепетинен табигый баланс бузулуп, зыяндуу курттардын популяциясы көбөйүп кетет», — дейт Кыргыз Түрк Манас университетинде энтамология боюнча эксперт Таир Эсеналиев.
Ошондой эле, Эсеналиев Кыргызстанда карантиндик кызмат жакшы иштебегендиктен дагы чет өлкөдөн зыяндуу курттар келип жатканын белгиледи.

Анализ жасоо учуру
«Чет өлкөдөн өсүмдүктөр келип атканда өлкөдө карантиндик кызмат бар, алар текшериш керек. Тилекке каршы ошолор жакшы иштебегендиктен дагы курт-кумурскалар көбөйүп жатат. Эгер ар бир чет өлкөдөн келген өсүмдүктү жакшылап текшеришсе, анда мынчалык көбөйбөйт. Бирок бардык эле курттар менен күрөшүүнүн кажети жок. Анткени пайдасы тийе турган дагы курттар көп. Зыяндуу курттар менен дыйкандар күрөшүүдөн мурун аграномдор менен кеңешиш керек. Анан керектүү учурда дары колдонулат. Айыл чарба министрлигинин алдында департамент бар. Ал жактан пайдалуу курттарды сатып алып, мына ошолорду дагы колдонушса болот», — дейт ал.
Зыяндуу курттар менен күрөшүүнүн ыкмалары
Бактияр Медетбек уулу Туркиядагы кесиптештери менен бир нече жылдан бери, агро тармак жаатында өнөктөш катары иштеп келет. Анын ишмердүүлүгү, дыйкандарды Турикялык агрохимикаттар менен камсыздоо жана ал багытта дыйкандарга кеп-кеңештерди берүү болуп саналат. Тажрыйбалуу адис катары мөмө-жемиштерди кантип зыяндуу курттардан сактап калуу жана мол түшүм алуу боюнча ой бөлүштү.

Бактияр Медетбек уулу

Адистер жана дыйкан
«Өсүмдүктөргө бир эле курт-кумурсалар эмес, аба ырайы дагы таасирин тийгизет. Мисалы түндүктө капуста, помидор, картошка, беде жана башка өсүмдүктөрдө “какач канаттуулар” деп коёт аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша ошолор дагы көбүрөөк пайда болуп, терс таасирин тийгизет. Мен адис катары дыйкандарга которуштуруп айдоону сунуштайм. Бул өтө маанилүү нерсе. Анткени жылда бедени айдай бере турган болсо, анда ал өсүмдүктө курттар көбөйүп кетет. Ошол үчүн ушул ыкманы дагы пайдалануу курттардын азайышына өбөлгө түзөт», — деди ал.
Анын айтымында, дыйкандар агроном адистери менен көп кеңеш албагандыктан көп чыгым тартышат.

«Биздин негизги максат дыйкандар бизден жардам сурап келет да. Дыйкандар жапа чеккен өсүмдүктөрүн көргөзүшөт. Анан биз алгач анализ коёбуз. Ал эмне болгон зыянкеч, баарын аныктап алабыз. Ошого жараша кеңештерибизди беребиз. Такыр эле болбосо жанагы зыяндуулугу чектен ашып баратканда анан химиялык каражаттарды колдонууну сунуштайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
15 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келе жаткан Таиржан Эргешов дыйканчылыктын сыры менен бөлүштү. Анын айтымында, курт-кумурска анын дагы жерин каптаптаган. Бирок адистердин жардамы менен өсүмдүктөрүн сактап калган.

Дыйканчылык менен алектенген Таиржан Эргешов
«Көп жылдан бери картошка айдайм. Мындан сырткары жүгөрү, алма, жана башка өсүмдүктөрдү дагы айдайм. Мурда билбей эле курт-кумурскаларга каршы химиялык заттарды чача берет элем. Атайын зыяндуу курттарга каршы дарыларды саткан дүкөндөр бар эмеспи. Сатуучулар айтып, кеңеш берген дарыларды эле чачып салчумун. Кээ бири жакшы болсо, кээ бири тескерсинче өсүмдүктөрүмдү кууратып салат болчу. Кийинчерек адистер менен кеңешип анан иш кыла баштадым. Ошондон кийин гана жакшы түшүм ала баштадым», — деди ал.

Таиржан Эргешовдун короосундагы өсүмдүк
Ошондой эле, Эргешов бир канча компаниялар менен иштешип келет. Ал агроном адистерден керектүү кеңештерин алып турушгандыктан жакшы түшүм алып жатканын белгилеп өттү.

Эргешов мындан сырткары, эл аралдык уюмдар уюштурган кыска мөөнөттөгү окууларга дагы кытышып келет. Ал өзү алган билимин жана тажрыйбасын башка дыйкандарга дагы бөлүшкүсү келет.

Таиржан Эргешов айдаган жүгөрү
«Көптөгөн окууларга катыштым. Ар бир өсүмдүкту кантип өстүрүү керектигин үйрөндүм. Бул дагы болсо кыйла алдыга жылдырат экен. Дыйканчылык менен алектенсең дагы билим керек экен. Ошондуктан азыр изденип калдым. Негизи дагы көп тажрыйба топтоп, кийин өзүм дагы ошол тажрыйбамды башкаларга бөлүшөм деп турамбаштадым», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Автор: Дилде Шатанова
Сүрөттөрдүн автору:Айыл чарба министринин басма сөз кызматы, Дилде Шатанова, Бактияр Медетбек уулу