Бактыбек Жумаманбетов Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну. 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма алып, ар кандай буюмдарды жасап келет. Алгач ишмердүүлүгүн ат жабдыктарын жасоо менен баштаган Бактыбек кийинчерек бут кийим жасоого өткөн. Бут кийимдерди буйрутма менен кайыш, булгарыдан жасайт. Ал үчүн материалдарды (булгары, кайыш, бут кийимдин таманы) борбордон алдырат.
“Бут кийимди кардардын табитине карап, размери, өңү, фасону каалоосуна жараша жасайм. Бардыгын биринчи сорттогу кайыш, булгарыдан жасайм. Бут кийимдин таманы дагы жакшы сапаттан болот. Мен жасаган буюмдарга суроо-талап жакшы эле. Айылда жашагандыктан бышык, сапаттуу, бир бут кийимди кайра экинчи оңдоп-түзөбөгүдөй тигем. Өзүм жалгыз болгондуктан буйрутма менен иштейм. Бир бут кийимди бир күндө бүтөм. Үстүн даярдап, колоткага(калыпка) кийгизип коюп, экинчисин даярдай берем. Сатып алгандар деле болот, бирок мен кобүнчө буйрутма менен жасаганыктан сатыкта дайыма боло бербейт”,- дейт.
Бакытбек Жумаманбетов бут кийимден башка дагы буюмдарды буйрутма алып жасап берет. Ат жабдыктарына караганда бут кийим жайы-кышы дебей керектүү кийим болгондуктан, суроо-талап көбүрөк. Ошол себептүү бут кийим тигүүгө өтүп алган. Мектеп окуучулары, айыл тургундары, мугалимдер буйрутма беришет.
Бала кезинен бут оору менен алпурушкан Бакытбек беш баласын кол өнөрчүлүгүнөн тапкан каражаты менен багып келет. Бут кийим тиккен атайын машинка ала албай жаткандыгын кошумчалаган Бакытбек бир кышкы бут кийимдин баасы үч миң сом экенин айтты.
Барчын Мамытбекова