Баткен облусунун тоо боорундагы Зардалы айылына интернет орнотулду. Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок ошондой эле эч кандай логистикалык жолдорго байланышкан эмес.
Интернетке туташтырууну Кыргыз Интернет Коому ишке ашырды. UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Кыргыз Интернет коому Зардалыда алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат.
“Мен бардык керектүү жабдыктарды даярдап алып жолго чыкканымда бараткан унаа бузулуп калып кайра кийинкисине отуруп, андан ары жолду сел алып кеткеден улам дагы күтүүгө туура келди. Кыскасы жүктөр менен ал жерге жетүү кыйынчылык жаратты. Жолдо кырсыкка дагы учурап 1 жумада бүтүрчү жумушту 2 жумада бүтүрдүк. Учурда жергиликтүү эл интернет менен пайдаланып жатышат. Күндө кечинде чалып жаңылыктарды айтып турушат».
Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан.
Айгерим Кубатбекова