Тогуз-Торо районунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов, акимдин орун басары Гулжамал Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев , орун басарлары, мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, 2021-2022-окуу жылындагы райондук билим берүү тармагында бир катар алгылыктуу иштер аткарылган айтып өттү.
“Иш пландын негизинде методикалык, педагогикалык семинарлар уюштурулуп, окуучулардын билим болгон кызыгуусун арттыруу, коомго болгон көз-карашын калыптандыруу максатында семинарлар өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү мектептерге, предметтик мугалимдерге сааттар жетишсиздиги анык.Жалпы район боюнча 6 педагогикалык кадр жетишпейт”,-деди Болотбек Иманбердиев.
“Сиздер өлкөнүн келечеги болгон жаш муундарды элибиздин каада-салттарына, руханий дөөлөттөрүнө таянып, тарбиялайсыздар.Бүгүнкү күндө мамлекет билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлык акыларын тынымсыз көтөрүү,башка социалдык маселелерин чечүү үчүн колдон келген бардык аракетин жасоодо.Мамлекетибиздин эртеңки келечеги мугалимдер окутуп жаткан балдардан көз каранды! Сиздердин ары түйшүктүү жана жооптуу кызматыңыздарда сабырдуулук каалаймын”
Кеңешменин жүрүшүндө насаатчы мугалимдердин атынан Кыйырбүбү Өзүбекова, мектеп директорлорунун атынан Венера Кудагелдиева, “Жылдын мыкты мугалими-2022”сынагынын жеңүүчүсү Макмал орто мектебинин мугалими Жазгүл Тойгонбай кызы, жаш мугалимдердин атынан башталгыч класстар мугалими Саламат Таалабай кызы жалпы жалпы кесиптештерин, жаңы окуу жылы менен куттуктап, сөз сүйлөштү.
2021-2022-окуу жылында ийгиликтерди жараткан билим берүү мекемелерине, жетекчилерге, мугалимдерге жана тарбиячыларга райондук билим берүү бөлүмү тарабынан диплом, ардак грамота, сыйлыктар тапшырышты.
Ошондой эле жалпы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырган роликтер көргөзүлүп, колго жасалган көргөзмөлөр коюлду.
Тогуз-Торо районунда жалпы билим берүүчү 13 мектептер бар.Аларда жалпы 5248 окуучу билим алат.537 мугалим эмгектенет. Мектепке чейинки 13 билим берүү уюму бар.1015 бала тарбиялануучулар бар болсо, 106 тарбиячы бар. Ал эми мектептен сырткаркы мекемелерде 320 окуучуга 14 ийрим жетекчи билим берип, тарбия беришет.
Анара Мааметова