Бүгүн Кочкор районунда 2022-2023- окуу жылынын башталышына карата август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Омошев, орун басары Ч.Табылдиева, айыл башчысы М.Исраилов, мектеп директорлору, бала-бакча жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.
Конференцияны Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев сөз сүйлөп, билим берүү тармагынын кызматкерлерин келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы жана 1- сентябрь Билим күнү менен куттуктап, ошону менен бирге өткөн окуу жылына анализ кылып жетишкендиктерди жана каталарды белгилеп кетти.
Райондогу мектеп, бала-бакчалардын оңдоо-түздөө иштери жөнүндө маалымат берди. Өзгөчө район боюнча ийгилик жараткан мектеп жааматына жана жетекчилерине ыраазычылык билдирди. Алдыдагы окуу жылында мугалимдерге ийгилик каалап, жаңы дем, жаңы күч менен иштөөнү сунуштады. Анткени мугалимдерде азыр чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатат, билимдүү кадрларды даярдоо боюнча.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев
Кийинки сөздү Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов улап кетти. 2021-2022 окуу жылынын Кочкор районунун билим берүү тармагындагы ийгиликтери жана жетишкендиктери боюнча доклад жасады. Докладдын аягында билим агартуучуларды талыкпай эмгектенип, райондун билим деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошоруна ишеним билдирди.
Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов 2021-2022 окуу жылынын отчетун берүү учуру
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген алдыңкы мугалимдер, мектеп директорлор жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ч.Табылдиева, Кочкор билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун райондук комитетинин төрагасы З.Табалдиев, Кочкор айылынын айыл өкмөтү М.Исраилов билим тармагында эмгектенген бардык мугалимдерди, тарбиячыларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, көптөгөн ийгиликтерди каалап кетишти.
Кочкор районунун билим тармагынын кызматкерлери, конференция учуру
Жыйынтыгында август конференциясынын резолюциясы кабыл алынды.
Нурия Карымбаева