Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасы жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга толугу менен даяр болду. Жаңы окуу жылына карата Ага Хан фонду тарабынан бала бакчага кошумча балдарды окутууга үч сааттык тайпа ачуу пландалууда.
«Жаңы окуу жылына карата бала бакчада төрт тайпа балдарды кабыл алат. Жалпы 100 тарбиялануучу келет. Балдар үчүн тайпалардын ичи, залдар, окуу бөлмөлөрү толугу менен ремонттолуп, даярдалды. Мындан сырткары окуу куралдар, балдарга интерактивдүү сабактарды өтүүгө ноутбук, проектор алынып келинди.
Ар бир тайпада ар кандай сүрөттөр тартылган. Аларды жамаат жаңылап, сырдап чыгышкан. Ал эми кээ бир сүрөттөр балдарга ылайыктап жаңы тартылды.
Балдар үчүн оюн аянтчасына жамаат 15 миң сом чогултуп, Балыкчы шаарынан атайын оюнчуктар алынып келинди.
Бизде балдар үчүн батут бар эле. Бирок санитардык эпидемиологиялык станция уруксат бербегендиктен, аны сатып бала бакчага керектүү каражаттар алынып келинди. Ал эми калган акчага кошумча чарбанын каражатын кошуп, 120 миң сомго жаңы кампа салдырдык.
Баса белгилей кетчү нерсе, Садык-Ата балдар бакчасына Ага-Хан фонду тарабынан кошумча үч саатык тайпа ачуу пландалган. Учурда тайпаны ачуу боюнча долбоор ишке ашып, даярдыктар көрүлө баштады»,- деди Гулнура Исмаилова.
Акылай Алмазбекова