Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылына карата усулдук секциялык иш башталды. Секциялык иш райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан уюштурулуп, ага райондогу бала бакча, мектептердин жетекчилери, мугалимдери катышты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Чынар Сатындиеванын айтымында быйылкы окуу жылы “Жаңыча иштеп, жаңыча бийиктикке жетебиз” деген чакырыктын алдында башталат.
“Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу секциялык усулдук иш аралыктан өтүп келген. Кандай мүмкүнчүлүк болсо, ошонун баарын билим берүүгө жумшоого аракет кылабыз. Мектептерди техникалык каражаттар менен камсыз кылуу, аттестациядан өткөрүү, жаңыча, сапаттуу билим берүүгө басым коебуз. Өткөн окуу жылын жакшы ийгиликтерди жарата алдык. Ал сиздердин эмгек. Кароо-сынактарга катышып, ийгиликтер жараттыңыздар”,- деди.
Андан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жаңы окуу жылы менен куттуктап, жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандартка маани берүү керектигин айтты.
“Бул стандарт жаңы кабыл алынды. Базистик окуу планы менен окуйбуз. Азыр талкууда окуу планын талкуулап, сунуш болсо айтыңыздар.Китеп чыгаруу боюнча дагы жаңы демилгелер болууда. Учурда министрликтин алдында “Жаңы китеп” уюму ачылды. Кызматташууга даярбыз. Айлык акылардын көбөйүшү менен мугалимдерге чоң жоопкерчилик артылды”,- деди.
Мындан соң мугалимдер жана тарбиячылар жыл бою өтүлүүчү сабактын планын талкуулап, тренингдерге катышты.
Барчын Мамытбекова