Канчалык бала мектепкке барууну кааласа дагы алгачкы жолу мектепке баруу бул стрессти пайда кылат. Бул учурдагы ата-энелердин милдети өзгөрүүлөрдү жеңил көтөрүп, тезирээк мектеп коллективине көнүп кетүүсүн камсыз кылуу. Сизге жардам берүү үчүн балаңызды кантип мектепке туура даярдоо керектигин айтып беребиз.
Балаңызды моралдык жактан даярдаңыз
Мектеп – бул баланын жашоосун кескин түрдө түп-тамыры менен өзгөрткөн татаал этап. Айрыкча, балаңыз бала бакчага барбай, башка адамдардын арасында көпкө энесиз калуу кандай экенин билбесе. Сиздин милдетиңиз бул өзгөрүүлөргө мүмкүн болушунча чыдап турушу үчүн баланы мектепке даярдоо.
— Балаңызды алдын- ала классташтары жана мугалими менен тааныштырыңыз
— Балаңызды сөзсүз даярдоо класстарына бериңиз ата-энеси жок болгон абалга көнгөнүнө жакшы
— Балаңыздын эс тутумун жана көңүл коюсун машыктыруучу көнүгүүлөрдү аткарыңыз
Жаңы тартипке көнүүгө жардам бериңиз
Бала мектепке барганда жаңы, адаттан тыш график боюнча жашоого туура келет. Мындан ары анда бош убакыт көп болбойт, сабактан киийн кечинде үй тапшырмасын аткарууга туура келет. Бул балаңыз үчүн стресске айланып кетпеши үчүн, алдын- ала аракет кылып, акырындык менен жаңы уйку режимин жана күн тартибин киргизиңиз.
Балаңызды коомдун бир бөлүгү болууга үйрөтүңүз
Баланы мектепке туура даярдагысы келген ар бир ата-эне анын жаңы команданын мүчөсү болууга жардам бериши керек. Бул үчүн ага ар бир окуучу үчүн маанилүү болгон 4 сапатты калыптандыруу керек.
1-Көз карандысыз болуу
Балаңыз чоңоюп калганын түшүндүрүп, кээ бир тапшырмаларды өз алдынча чечсе болорун айтып бериңиз. Муну окуу жылы башталганга чейин көндүрүп баштасаңыз жакшы:
Мисалы: Таза тыкан кийинип жүрүү,
Бети колун, тишин жуу,
Бут кийимдин боосун байлоо,
Мектепке керектүү буюмдарды чогултуу
Бирок, эсиңизде болсун балага ишти тапшырып коюп такыр эле аны жалгыз таштап салганга болбойт. Ал сизге кайсы гана учур болбосун суроо менен же жардам сурай аларын түшүнүшү керек.
Классташтары менен туура мемиле куруу керектигин түшүндүрүңүз
Сиздин милдетиңиз – уулуңузга же кызыңызга классташтары менен кантип сүйлөшүү керектигин айтып берүү. Мектепке чейин балаңызга эмне үчүн бирөөнү шылдыңдап же урушуп кетпеш керектигин түшүндүрүңүз. Ата-эне конфликттерге кантип туура мамиле кылууну жана аларды эч кимди таарынтпай чечүүнү айтуусу маанилүү.
Чыдамкай болууга көндүрүп баштаңыз
Мектепке барып көрө элек бала үчүн окуу өтө узун. Адаптацияны жумшартуу үчүн, баланы мектептеги узак сабактарга алдын ала даярдап, аны менен күнүнө иштөөнү сунуштайбыз. Сиз 15 мүнөттөн баштап, андан кийин жүктөмдү 30га чейин көбөйтсөңүз болот.
Сылык болууну түшүндүрүү
Этикеттин негизги эрежелери — бул ар бир биринчи класстын окуучусу билиши керек болгон эрежелер. Биринчиден, эмне үчүн башкаларды сыйлаш керек экенин түшүндүрүп, «саламдашуу», «коштошуу «, «рахмат айтуу» жана «өтүнүч, сураныч» деп айтуу керектигин үйрөтүңүз.
Мындан тышкары, балага сабактардын ортосундагы тыныгууларда өзүн кандай алып жүрүү керектигин жеткирүү керек. Ага мектепте кыйкырса болбоорун, башкалардын буюм-тайымына тийбөө керектигин, дене тарбия сабагында гана чуркай аларын айтыңыз.
Окуганга шыктандырыңыз
Алгач кичинекей мектеп окуучулары биринчи класста сабакка ынтызарлык менен чуркашат. Алар жаңы теңтуштарга, мектеп атмосферасына, формага, дептерлерге, калем-карандаштарга кызыгышат. Бирок, бала жаңыга көнүп, окуу кыйын экенин түшүнгөн учур келет. Чарчоо, кежирленүү жана үй тапшырмасын аткарууну каалабоо башталат. Мындайдан качуу үчүн адистер башында эле балага мектеп эмне үчүн экенин жана эмнеге билим алуу зарылдыгын түшүндүрүү зарылдыгын айтышат. Бул үчүн балаңыз эмнеге кызыкса ошого байланыштуу кайсы сабакты жакшы окуш керектигин айтсаңыз болот. Баланын кызыкчылыгын колдоп, аны менен бирге атайын көргөзмөлөргө барсаңыз, ийримге жазылып, кол өнөрчүлүк менен алектенсеңиз абдан жакшы болот. Бул анын ышкысын ого бетер жандырып, окууга түрткү берет.
Көпчүлүк ата-энелер баланы болушунча мектепке даярдап ал эми өздөрү жетишерлик даяр болбой калышарын психологдор айтышат. Андыктан бул катаны кетирбөө үчүн ата энелер бир канча сунуштар берилет:
Балаңыздын көзүнчө мугалими туурасында жаман сөз айтпаңыз.
-Эгерде сизге мугалим туура эмес иш кылып жаткандай сезилсе, жеке сүйлөшүүгө чейин өзүңүздүн оюңузду жашырганыңыз оң. Баланын көзүнчө аны сындабаңыз мугалим анын көз алдында беделин жоготот.
Балаңыз менен көбүрөөк баарлашыңыз
-Балаңыз мектепке барып баштаганда ата-энеси менен азыраак убакыт өткөрөт. Сиздин милдет ар дайым эмоционалдык байланышты сактап калуу. Ар дайым балаңыздын күнү кандай өткөнүн жана сабакта эмне болгонун сураңыз; анын аңгемелерин кунт коюп угуңуз, диалогго катышыңыз. Балага жаман нерсе болуп кетсе, ага жардам берүүгө даяр экениңизди түшүндүрүңүз. Ошондо сизөз ара ишенимди сактап каласыз дагы уулуңуз же кызыңыздын калп айтууга же чоңойгон сайын сизден алыстап кетүүсүнө эч кандай себеп болбойт.
Жаман баалар үчүн балаңызды урушпаңыз
-Эсиңизде болсун, бааларды балдардын интеллектинин жана чыгармачылыгынын көрсөткүчү катары кароого болбойт. Алардын айынан урушуп, жакшылыкка жетпейсиз, болгону мамилени бузуп, уулуңду же кызыңды сизден коркутуп, калп айтууга мажбурлайсыз. Балдар маалыматты ар кандай ылдамдыкта кабыл алышат. Бир мугалим 28—30 балага универсалдуу программа болгон жалпы билим берүүчү мектептин шартында материалды баарына бирдей жакшы түшүндүрүүсү мүмкүн эмес. Ар дайым алдыңкылар жана артта калгандар болот. Бул бала келесоо же жаман дегенди билдирбейт. Ага жөн гана башкача мамиле жана бир аз көбүрөөк убакыт керек.
Эс алуудан ажыратуу менен жазалабаңыз
-Эгер бала мектептен начар баа алып келген болсо же сабакты өздөштүрө албай жатса ага эс алууга тыюу салбаңыз. Көчөдөгү теңтуштар менен ойноо жана ачык оюндар да эс алуу экенин унутпаңыз. Баланы алардан ажыратуу менен анын ишенимин жоготосуз, биринчи класстан баштап окууну жактырбоо сезимин тарбиялап, анын физикалык, чыгармачылык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө жол бербейсиз. Бул бир гана ишти начарлатат.
Сабак алдында окуу китептерин окутуп салбаңыз
-Жайында жаңы окуу китебин барактап чыгуу бала үчүн кызыктуу болушу мүмкүн, бирок аны мөөнөтүнөн мурда бир нерсени үйрөнүүгө мажбурлабаңыз. Бул аны сабактан тажатат.
Балага күлүп, шылдыңдабаңыз
-Эсиңизде болсун, мектепке чейинки курактагы бала берген бардык суроолорду олуттуу деп эсептейт. Сөздөрү кызыктай көрүнсө да, ага күлбөнүз. Бул куракта балдар аялуу болушат, жана чоңдордун шылдыңдоосу, айрыкча, алар абдан ишенген адамдын күлгөнү баланын өзүнө ишенбөөчүлүккө алып келиши мүмкүн. Келечекте мындай балада кемчилик комплекси пайда болуп калат.
Мектеп формасы классикалык стилде болуш керек
Кибер куугунтук жана өспүрүмдөр
Логопед: Бала телефон менен эмес, оюнчук менен ойношу керек
Айгерим Кубатбекова