2015-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен жалпы билим берүү мекемелерине бирдиктүү форманы киргизүү жөнүндө токтом чыккан. Ага ылайык, классикалык стилде кийинүү зарыл. Быйылкы окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги токтомду эске алуу менен классикалык стилде кийинүү керектигин билдирди.
Мектеп формасы кандай болуш керек?
— Эң негизги талап классикалык стилде болуш керек. Ошондой эле белгилүү өңдөр бар: ак, кара, агыш боз, күңүрт кызыл (бордовый). Буга чейин көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынып келген.
Билим берүү министрлиги окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш экенин билдирет:
«Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот».
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова мектеп формалары туурасында чечимди ата-энелер кабыл алуу керектигин айтат:
“Мектеп формасына райондук, шаардык билим берүү башкармалыгынан же болбосо мектеп директорлору кийгилишүүгө тыюу салынат. Анткени мектеп формасынына болгон төлөмдү ан-энелер жургүзөт. Демек, ата-энелер чогулуштарда жалпы талап кылынган токтомду эске алуу менен мектеп формасын тандап алышат.”
Коомчулукта балдардын мектеп формасына байланыштуу ача пикирлер жаралып жатат. Айрымдар мурдагы эле кара форма, ак фартук жакшы десе, кээ бири негизгиси ак, кара түстө кийинсе болду да деген ойдо.
Айгерим Кубатбекова