Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылында “Бөбөктай” бала бакчасы жаңы эмеректүү болду.
Эмеректер Япония элчилиги тарабынан “Чөптүн тамыры адамзат коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында келди. Эмеректердин жалпы баас 2 млн 197миң 500 сомду түзөт.
Бала бакчанын башчысы Жеңишкүл Мурзалиеванын айтымында Япон элчилигине долбоор жазып жөнөткөн.
“Бала бакчада эмеректер жетишсиз болчу. Мектептин эски эмеректерин колдонуп жүргөнбүз. Долбоор аркылуу бала бакчанын эки имаратына ашкана эмректери: тамак бышыруучу плита, стеляж (полка), плитанын үстүндөгү буу соргуч (вытяжка), эт, нан туураган стол, ал эми балдар үчүн керебет, стол, отургуч, шкаф келди. Долбоорду 2017-жылы жазсам өтпөй калган. Кайра 2021-жылы жиберип, колдоо таптым”,- дейт.
Барчын Мамытбекова