Гулсия Абдрасулова Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну. Акыркы жылдары чыгармачылыкка аралашып, ырларын, чакан аңгемелерин социалдык медиада жарыялап жүрөт. Былтыртан бери “Поэзия ордосу” көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай иш-чараларда, сынактарда алып баруучулук милдетти аткарып, дубал газетага ырларын жарыялап жүргөн Гулсия келечекте акын, жазуучу, журналист болууну кыялданчу. Кыргыз тили жана адабияты сабагын сүйүп окуп, дилбаян, аңгеме жазуу өңдүү тапшырмаларды мыкты аткарчу.
Өзүнүн айтымында сабак берген эжейи ырларына дайыма жакшы баасын берип, кеп-кеңештерин айтчу.
“Мугалимдер менден көп нерсе үмүт кылышчу. Турмуш куруп, үй-бүлө күтүп, бала тарбиялоо сыяктуу иштер менен ортодо бир топ жыл чыгармачылыктан алыстай түштүм. Чындыгында үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү башында кыйын болду. Балдарым кичине эле дегендей. Азыр эми тоскоолдук жок. Жан дүйнөмө тынчтык бербеген ыр дүйнөгө кайтып келдим. Өкүнгөнүм-жаштыгымды, убактымды туура пайдалана албаганым. Балким менден жакшы акын чыгат беле ким билет. Кубанганым-үй-бүлөдө бактылуумун”,- дейт.
Гулсия Абдрасулова “Поэзия ордосу” коомдук бирикмесинин мүчөсү. Жазылган ырлар алгач бирикмеде талкууланып, анан жарыялоого уруксат берилет. Ошондой эле жаш акындарга кеп-кеңештер берилип, өз ара сынактар өтүп турат. Быйыл акын кыз “Ордо” сынагында “Күмүш калем” сынагын жеңип алган.
Кара сөзгө караганда ырга жакынмын деген акын кыз ыр жыйнагын чыгарууну максаты кылып жатканын кошумчалады.
ЭРГҮҮ
Келди мына эргүүлөрүм баш багып,
Кереметтүү дүйнө мени башкарып.
Көптөн бери чыгып ички дүйнөмдөн,
Жүрдүм эле ыр жазалбай жазганып.
Көмөкөйдөн көркөм сөздөр куюлбай,
Көөдөнүмдүн көксөөлөрү угулбай.
Көпкө жүрдүм ыр дүйнөдөн алыстан,
Көңүлүмдүн кыялдары туюлбай.
Калган кезде ички дүйнөм ач калып,
Кайра баштан аруу сезим башкарып.
Бүгүн жазам гүлдөн токуп ырларды,
Жүрөгүмдө эргүү турса таш жарып.
Гүлсия Абдрасулова
» Поэзия Ордосу» көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Барчын Мамытбекова