Суу чечек(ветрянка) жаш балдар арасында көп кездешкен аба аркылуу жуккан оору. Абдан жугуштуу инфекцияларга кирет. Бул оору 4 мезгилде кездеше берет. Бирок, суук мезгилдерде оорунун күч алуусу жогорку деңгээлге жетет. Оорунун жугуусу 98-100% бала байланышта болуп калса алардын 98и ооруйт дегенди түшүндүрөт.
Суу чечек оорусу туурасында Медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекетттик медицина академиясынын балдар жугуштуу оорулар кафедранын ассистенти, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери Азый Шайымбетов айтып берет.
Оорунун белгилери
— Дене табы жогорулайт, майда кызыл тактар пайда болот, 4-5 сааттан киийн ал тактар ыйлаакчага айланат. Башка илдеттерден тактардан алгач кызыл так болуп андан соң ыйлакча, 1-2 күндөн кийин картка айланганы менен айырмаланып турат.
Оору эмнеси менен коркунучтуу?
— Көп ата-энелер бала кичине кезинде бул оору менен ооруса жакшы болот эле бул кезде жеңил турдө өтөт деп ойлошот. Биз буга кошулбайбыз, көп өлкөлөрдө бул ооруга каршы вакцина бар жана алар дээрлик оорушпайт. Бизде али вакцина жок болгондуктан дагы деле ооруп жатабыз. Суу чечек 3 жашка чейин чыгат, бул мезгилде бала көп түшүнбөй денеге чыккан тактарды тытып коюшу мүмкүн. Ошондон башка инфекциялар кирип татаал оорулар келип чыгышын шарттайт. Статистикага таянсак, 100 бала ветрянка менен ооруса анын ичинен 20% ыйлаакчасы жарылып татаалдашуусун берет. Кийинки татаал түрү “ветряночный энцефалит” деп коет, бул 400 баланын ичинен бирөөнө вирус мээге кирип кетет. Кара куш мээге кирип кеткенде буту баспай калат. Бул дароо пайда болбойт. Вирус адамдын организминен чыкпай мээге кирип кеткенден улам мындай илдет пайда болот.
Иммунитети төмөн балдарда оору олуттуу өтөт
-Бул вируста дагы иммунитети жогору балдар жеңилирээк көтөрөт. Биз түшүнүшүбүз керек бардык балдардын эле иммунитети жогору болбойт. Тез-тез ооруп калган, иммунитети төмөн, онкологиялык оорулар менен ооруган, өнөкөт оорусу бар балдарга жугуп калса оор формада өтөт. Андыктан биз өзүбүздү эле ойлобой башка балдарды дагы ойлоп эшикке чыкпай эрежелерди сакташыбыз керек.
Дарылоо
-Дене табы жогоруласа дарыгерге көрүнүү зарыл. Ал кандай формада өтүп жатканын аныктап эгер оор болсо ооруканада жатып дарыланууну сунуштайт. Ал эми жеңил түрдө болсо үй шартында дарыгердин айтканын аткаруу керек. Суу чечекке болгон иммунитет балага энеден өтөт.
Башкача айтканда энеси кичине кезинде ветрянка менен ооруса балага антитело берилет.
Ветрянкада пайда болгон ыйлаакчаларды тырмап, тытпаш керек. Күтүп турса 3-4 күн ичинде карттанып өзү түшөт. Эгер тытып салса тактар калып калышы мүмкүн. Балаңыз кичинекей болсо колуна байпак кийгизип коюну сунуштайбыз.
Баланы тез-тез жана туура эмизүү зарыл
Дарыгер: Эч качан балага тамакты чайнап бербеңиз!
Келечекти күтө берүү жашооңузга кандай таасир тийгизет?
Айгерим Кубатбекова