Эненин сүтү жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыз кылуунун эң жакшы жолу. Эмне себептен эмчек эмизүү маанилүү, эмнеге кээ бир аялдарда сут жакшы чыкпайт, малдын сүтүн бергенге эмнеге болбойт эмчекти туура эмизүү кандай болуш керек ушул жана башка суроолорго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Сагынбу Абдувалиева жооп берет.
— Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен 1- 7-августка чейин Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы өтүүдө. Эненин сүтү жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыз кылуунун эң жакшы жолу экени белгиленет. Бул күн 1990-жылы 1-августа 37 мамлекет жана дүйнөлүк балдарды коргоо, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары биргелешип эмчек эмизүүнү коргоо жана колдоо долбооруна кол коюлган. Баланын ден-соолугуна, өнүгүүсүнө жана жашоосуна чоң жардам берет. Эненин сүтү эне менен атанын жана ымыркайдын ортосундагы келишими.
Бала эне менен атанын күзгүсү. Баланын ден-соолугу ата-энесинин саламаттыгынан көз каранды. Эгер биз кошумча тамак аштарды колдонсок же малдын сүтүн берсек түшүнүшүбүз керек малдын сүтү бул баары бир адамдыкы эмес аны бири -бири менен салыштырганга болбойт. Эненин сүтү эң маанилүү зат. Эненин сүтүндө бала кайсы аптада төрөлсө дагы ошого туура келген бардык азык заттар бар. Өзгөчө баса белгилеп айта кетчү нерсе эмчек сүттө ак клеткалар бар ал бардык инфекцияларга каршы тура алат. Ошондой эле малдын сүтүндө эмес бир гана эненин сүтүндө таурин деген зат бар. Ал адамдын аң сезимине таасирин тийгизет.
Изилдөөлөр эмчекти 6 ай боюу кошумча тамак аш кошпой баккан баланы же тескерисинче ар кандай шартка байланыштуу кошумча тамак менен азыктандырган апалардын баласын аныктап көрүшкөндө эмчек сүтү менен чоңоюп жаткан балдарда бир топ оорулар аз болгон. Мурда аллергия, диария сыяктуу илдеттердин азайуусун айтып келген болсок, учурда 100гө жакын ооруларыдын азайуусу белгилүү болду. Ошондой эле салыштырууларда эне сүтү менен чоңойгон балдар спирт ичимдиктери, чылым чегүү сыяктуу терс адаттардан алыс болору маалым болгон.
Эмчек эмизүү бир гана баланын саламаттыгына эмес энеге дагы оң таасирин тийгизет инсульт, жүрөк, кан тамыр ооруларынан коргойт
— Азыр рак оорулары көбөйүп жатат өзгөчө жаш кыз-келиндер арасында. Эмчекти туура эмизүү аялдын дагы саламаттыгына оң таасирин тийгизет.
Энени колдоо зарыл
— Жаңы төрөгөн энеге үй-бүлө тарабынан өтө чоң колдоо керек. Төрөгөндөн кийин аял эс алыш керек. Төрөт бул өтө оор нерсе жакшы келе жатып эле бир маалда өзгөрүп кетиши мүмкүн. Аял 9 ай боюу көтөрүп жүрүп анан төрөйт. Бул учурда аябагандай көп энергия кетет. Ошол себептен аял жакшылап эс алып, уктап, тамактануусу зарыл. Булар жакшы сакталбаганда эненин эмчегинен сүт чыкпайт. Бул учурда бала ыйлай берет анан ал тойбой жатат деп кошумча тамак берип баштайбыз. “Бул келиндин сүтү жок экен, сүттүү эмес экен” -деген сөздөр чыгат. Кеп анда эмес, аял жакшы уктап, эс алып, туура тамактанса эле сүт келет. Эмчек эмизүүнүн мыйзамы ушундай бала канча эмсе ошончо сүт келет. Берилип баланы жакшы көрүп коркпой жакшылап эмизүү зарыл.
Баланы канча жашка чейин эмизүү керек
— Баланы 1-2 жашка кээде андан ары деле эмизе берсе болот. Эң негизгиси 6 айга чейин башка азык бербей бир гана эненин сүтү менен чоңойткон туура. Ал эми 6 айдан кийин кошумча тамак берип баштоо зарыл. Бул убакта сүттөгү азыктар баланын муктаждыктарын толук камсыздай албай калат.
Бала ыйлаган сайын эмизген туурабы же саатка караш керекпи канча убакта эмизип туруу керек?
— Бизде эмчек эмизүүдө билинбеген көп каталар бар мындан улам “Сапаттуу эмчек эмизүү”-туурасында өлкөнүн аймактарында окутууларды өткөрүп жатабыз. Эң алгач ууз сүттү берүү маанилүү. Ооба ал аз гана өлчөмдө болот. Эмизүү техникаларын болочоктогу апа төрөт үйүнө келгенге чейин билиш керек. Ыйлоо бул эң акыркы этабы. Биз болушунча аны ыйлаганга жеткирбей эле карап туруп билишибиз керек. бала башын айлантып, тилин чыгарып, эки жакты карай баштаганы белги берип жатканы.
Эмчекти туура эмизүү ыкмалары
— 4 ыкмасы бар башы менен буту бирдей абалда болуш керек, баланын мурду эмчектин учунунда туруш керек, эне 2 колу менен баланы кармашы керек, эненин ичине баланын ичи өтө жакын болуп туруш керек. Ошондой эле баланы түндө эмизүү зарыл. Эмчекте 5 млнго жакын клеткалар бар алардан сүт чыгат ал клеткалар түндөсү пайда болот. Күндүзү сүт жөн гана чыгат, пайда болбойт. Баланы тез-тез туура эмизүү зарыл.
Дарыгер: Эч качан балага тамакты чайнап бербеңиз!
Балаңыздын жайкы каникулун кантип туура пландаштыруу керек
Айгерим Кубатбекова