Адам сатуу дүйнө жүзүндө актуалдуу болуп жаткан оор кылмыштардын катарында турат. Кыргызстанда ал миграция менен байланыштуу. Ар бир адам эмгек эксплуатациясынан жана мыйзамсыз миграциядан жапа чегиши мүмкүн. Мындай учурда өз убагында жардам сурап кайрылуу маанилүү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпар Мамбетова мындай фактылар аз катталарын бирок бул маселе чындыгында бар экенин белгилейт. Өз укугунан да эл эмне дейт, уят болом деп унчукпай коюшат. Мындан улам шылуундар, алдамчылар жазасыз калып ишин андан ары улантып жатышат:
“Бул өзгөчө оор кылмыштардын бири, себеби дүйнө жүзүндө наркотрафик жана курал жарак сатуудан кийин эле эң кирешелүү кылмыштуу бизнес бул адам сатуу болуп эсептелинет. Адам сатуунун курмандыктары көбүнчө чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар болуп калууда. Бул эң ириде адамдын өмүрүнө коопсуздук туудурат. Адам саткан шылуундардын жүрөгү дагы таш болот экен көбүнчө “көк жүрөк” мерездиктин символу катары тандалып алынган. Ошондой мерез адамдар адам тагдыры, үй-бүлөсү, өмүрү менен корпой эле иш алып барышат. Алар органдарын сатып ийиши мүмкүн же өмүр боюу кулчулукка сатып жиберет, сексуалдык эксплуатация, балдарды сатып ийишет. Бул деген мамлекеттин келечегине коркунуч жаратат.»
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман жакындарынын чакыруусу менен чет өлкөгө мыйзамсыз баруу коркунучтуу экенин белгилейт:
“Биз адам сатуу маселесине келгенде тилекке каршы адамды колунан жетелеп барып бирөөгө сатып анан акчасын алып дегендей элестетебиз. Негизи бул адамдарды мыйзамсыз жумушка тартуу же жарыялоо, үгүттөөдөн баштап эле адам сатууга кирет. Башкача айтканда мыйзамсыз жол менен жумушка орноштуруу аракети жүрүп баштагандан тарта адам сатуу беренеси башталат. Бул көбүнчө жеке жумуш берүүчү компаниялар аркылуу ишке ашат.»
Мындай кылтака илинип калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруш керек?
Тамеки тартуу – маселени чечпейт
Ысыкта кантип ден соолукка туура кам көрүү керек?
Жаштар арасында ВИЧ жуктургандардын саны өсүп жатат
Аймактарда акысыз финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүүдө
Айгерим Кубатбекова