Эгерде сиз кризистик жагдайга туш келсеңиз (үй-бүлө мүчөсү ооруп калса, сел же башка көйгөйлөр), эсиңизде болсун, тамеки тартуу менен аны чече албайсыз. Тамеки тартуу тарткан адамга гана зыян тийгизбестен, айланасындагы тамеки тартпаган жакындарынын таза абага болгон укугун бузат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тамеки чегүүдөн баш тартууга жардам берүү боюнча Улуттук ишеним телефону тамеки чегүүнү таштагысы келгендерге акысыз квалификациялуу кеңештерди берет. Ал үчүн сиз 2103 номерине байланышыңыз.
— Тамеки тартууну дароо жана бир пландаган күнү таштаган оң,
— Тамеки тартууну каалап жаткан учурда терең дем алуу күчтүү каалоону жеңүүгө жардам берет,
— Терең жутуп чекпеңиз, чегүүнүн аралыгын кыскартыңыз,
— Тамеки түтүнүн оозго калтырбаңыз,
— Тамекинин үчтөн бир бөлүгүн калтырыңыз, же 2-3 тарктандан кийин ыргыткан оң болот,
— Ачкарын, таңга маал тамеки тартпаңыз,
— Басып баратып, тепкичтен же тоого чыгып баратып тартпаңыз,
— Тамекини жаныңызда алып жүрбөңүз,
— Бир эле жолу тартып аламын дегенден алыс болгуңуз, тамекини таштагандан 3 айдан кийин да ал бардыгын бузуп салышы мүмкүн,
— Бирөө тартып калса эле ага шериктеш болуп тарта бербеңиз,
— Тамеки тарткан бөлмөлөрдө көп болбоңуз,
— Кара күч менен иштегенден кийин жана иштеп жатканда болушунча узакка чейин тартпаңыз,
— Тамекени таштоого үзгүлтүксүз машыгуулар жакшы жардам берет,
— Салмак кошпоо үчүн тамеки тартуунун ордуна, жашылча жемиштерди колдонуп, таттууларды азайтыңыз,
— Алгачкы үч күндө ичкен жемиш ширесин эки эсе көбөйтүңүз,
— Тамеки тартууга тыюу салынган жерлерге – кинотеатрларга, китепканаларга, ресторандарга барыңыз,
— Тамеки тартууну таштоо ниетиңер канчалык күчтүү экенин тууралуу өзүңүздү алдабаңыз. Мурунку жашоого кайтып келүү канчалык жаман экенин баамдаңыз
Айгерим Кубатбекова