Адистер тамеки чегүү дагы пандемия сыяктуу болуп кеткенин айтышат. Аны өндүргөндөр да улам жаңы түрүн ойлоп таап маркетинг жолу менен ага болгон кызыгууну артырууда. Кыргызстанда 1 жыл ичинде 6000адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Бул сандын өсүүсү ковид 19 илдети тамеки чеккендер арасында оор өткөнү менен байланыштуу.

1. Чылым чегүүнүн адам организимине таасирлери кандай?
Тамеки чегүү 25тен ашуун оорулардын түрүнө алып келет:
►Жүрөк, кан-тамыр ооруларына
►Рак ооруларына, онкологиялык оорулар
►Репродуктивдик жактан көйгөйлөргө
►7000ден ашуун уулуу зат менен ууланышына
►Кан тамырлардын ичкеришине
► Кант диабетине
►Мээнин бир нече майда клеткаларынын жарактан чыгышына
►Көз карандылыкка
►Өпкөнүн иштен чыгышына, же жаралардын пайда болушуна
жана башка көптөгөн зыяндарга дуушар кылат. Акыркы убактарда онкологиялык оорулардын күндөн күнгө акыркы стадиялардында каттылып ошондой эле оорунун жашаруусунун себеби дагы тамеки чегүү. Рак илдетине чалдыккан 10 адамдын тогузу демек 90% тамеки чеккен адамдар. Тамеки чеккен адамдар өз акчасына бул ооруларды сатып алып пайда кылып жатышат.
2. Кыргызстанда кимдер тамеки чегет?
Кыргызстанда 68% эркектер тамеки чегишет же анын ар кандай түрлөрүн колдонушат. Ошондой эле кыз-келиндер 12%. Ал эми өспүрүм курактагы жаш балдар эң алгач качан тамеки чегип көргөнүн аныктап көрсөк 7-12 жаш курагында биринчи жолу колдонуп көрүшкөн. Бул статистикалар албетте чачты тик тургузат. Бүгүнкү күндө тамеки индустриясы бир орунда турган жок. Жаштар, өспүрүмдөр арасында тамекинин ар кандай жаңы түрлөрү белгилүү болууда. Кафелерге барсак кальяндар турат. Демек күндөн күнгө жаңыланып жатат.
3. Эмне себептен балдар тамекиге кызыгат?
Ар кандай сурамжылоолорду жүргүзгөндө эмне себептен тамеки чегип башташканын алар мода деп түшүндүрүшөт. Анан дагы тамеки чегүү чоңойгондун балдар арасында жигиттиктин белгиси деп түшүнүшөт. Ошондой эле дагы бир биздин балдардын көйгөйү тамеки чеккен балдардын чөйрөсүнө туш болуп калса “жок” деп айтканды билишпейт. Андай көнүшкөн эмес. Биз өспүрүмдөргө ушуну үйрөтүшүбүз керек бул менин ден-соолугум, мен андай ооруларга чалдыккым келбейт дегенди айта алып жок дей алгандай болуш керек. Бирок жаштар арасында кызыгуу учуру дагы күч болот. Үй-бүлөдө атасы тамеки чексе дагы бала андан үлгү алып чегип көрүүнү каалосу күч болот.
4. Электрондук чылымдардын зыяны азыраакпы?
Тамекинин ар кандай жаңы түрлөрүнүн пайда болуусу өспүрүмдөрдү кызыктыруу болуп эсептелет. Эмне үчүн кызыктырат? Индустрияга көп акча түшүрүү максатын эле көздөйт. Ал эми өспүрүм жакшы чечим кабыл алууну өздөштүрө элек жаш кезинде тамекиге болгон көз карандылык пайда болсо канча жыл жашаса ошончо жыл алардын кардары болуп акча түшүп турат. Учурда көп өлкөлөр тамеки сатууга тыюу салып жатышат. Мындан улам өндүрүүчүлөр мыйзамды айланып ар кандай жаңы түрлөрүн жаратышууда. Зыяндуулугу кадимки тамекиникиндей эле. Туура ага ар кандай кошумча азыктарды кошуп, жагымдуу жыттарды берет, түтүн чыкпайт. Бирок курамында некотин бар. Электрондук чылымдын дагы бир коркунучтуу жери кадимки тмекини чеккенде адам канчаны колдонгонун көзөмөлдөй алат ал эми электрондук тамекиде болсо аны көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

5. Ковид19 тамеки чеккендер үчүн эмнеси менен кооптуу?
50% көбүрөөк жабыркашат жана 50% өлүмгө учуроо коркунучу бар. Тамеки бронхторду кысат, какырык чыгуусун жайлатат. Жалпылап айтканда тамеки чегүү көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Эми өзүңүздөр деле ойлоп көрүңүздөр жабыркаган өпкө, өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн ковид илдети канчалык оор түрдө жүрөрүн. Тамекин таштай албай жүргөндөр үчүн бул дагы жакшы мүмкүнчүлүк. Бул учурду пайдаланып тамекини бир жолу таштап салууну сунуштайбыз.
6. Тамекисиз өлкөгө жетүүгө кандай иш чаралар өткөрүлүүдө тамеки чегүүнү кантип таштаса болот?
Тамеки таштоого эч качан кеч эмес. Канча жылдык тажрыйбасы болгонуна карабай таштоону чечсе бекем эрк менен анын таштап салууга мүмкүн. Эгерде өз күчү жетпей турган болсо дарыгерлердин жардамын алса болот. Мурда тамеки чегүү терс адат деп эсептелинсе бүгүнкү күндө оору деп саналат. Мамлекет тарабынан дагы жогорку деңгээлдеги иш чаралар болгону жакшы. Бизде мындай аракеттер болуп жатат. Алар “тамекисиз чөйрө” деген ураан менен коомдук жайларда тамеки чекпөөгө чакырат. Тамеки менен күрөшүүдө эң негизгиси жарнамалоо болбошу керек. Тамекинин кандай гана түрү болбосун ММКда жарнамалоого тыюу салганы натыйжалуу. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө тамекилер супермаркеттерде көзгө көрүнбөгөн алыс жерге жайгаштырылат. Бизде болсо так кассанын маңдайында бадырайып турбайбы.Мындай нерселерди жок кылышыбыз керек.Ага болгон жеткиликтүүлүктү азайткан туура.

