Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине окуучуларды даярдоо класстарына каттоо башталды. Каттоо 2022-жылдын 25-августуна чейин онлайн жүргүзүлөт. Ал эми онлайн каттоого мүмкүнчүлүгү жоктор же каттала албагандар 1-августтан баштап мектепке келип катталса болот.
Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Замира Абдрахманованын айтымында ата-энелер баласын даярдоо классына каттап жатканда окутуу тилин тандоодо көнүл буруусу керек.
“Анткени орус тилдүү класстарга балдарды кабыл алууда класста окуучулардын санынын көптүгү, мектептин окуу куралдарынын жетишсиздиги бар. Орус тилдүү класстарда окуучуларды китеп-дептерлер менен камсыз кылууга ата-эненин жардамы керек болот. Ал эми кыргыз тилдүү класстардагы балдар үчүн окуу китептери мектеп китепканасында жетиштүү. Талапка ылайык, мугалимдер, окуу куралдары менен камсыз кылууга мектептин мүмкүнчүлүгү жетет. Балдардын саны да класстарды оптималдуу болот”,- дейт.
Мектеп эки жылдан бери толук орус тилдүү окутууга өткөн. Бирок жыл сайын байкалып жаткан суроо-талапка ылайык, балдарды кабыл алууда ата-эне жана баланын каалоосун эске алынат. Анткени ата-эненин чечими жана тандоосу билим уясы үчүн маанилүү.
Барчын Мамытбекова