Ак-Талаа районуна жыл сайын социалдык объектилер, мекемелер жана элдин керектөөсү үчүн 19миң тонна өмүр отуну керектелет. Бирок учурда бир тоголок көмүр тартыла элек.
Мындан сырткары “Турук” көмүр бассейнине барчу жолду оңдоо иштери башталбай турат. Акимдин орун басары Улан Жылтыровдун маалыматына караганда, жол “Саячык” көмүр кенине техникаларды Жаман-Дабан аркылуу алып өтүү учурунда оңдолот. Аталган кенден былтыр 900 тонна көмүр отуну тартылган.
“Турук” көмүр кесимине учурда бир дагы техника кире элек. Бирок кен казуучу ишканалар менен сүйлөшкөнүбүздө 5-августта чыгабыз деп жатышат жана техникаларын жүктөп жатышкандыктарын айтышты. Ал эми Кара-Кече менен беш айыл өкмөтү келишим түздү. 8-августтан баштап тартылышы мүмкүн. Кара-Кече көмүр кенинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүр отунун туруктуу наркын 1450 сом деп бекиткен. Ал эми айдоочулар менен 1300-1400 сом унаа акысын сүйлошүп жатабыз. Ошондо 1тн. көмүр отуну Үгүт айыл өкмөтүнө чейин 2850-2900 сомдун тегерегинде келип калат” дейт.
Барчын Мамытбекова