Кулатов айылынындагы жеке ишкер Абсатар Эшимбаев Өзбекстан мамлекетинде өткөн айыл чарба, жана кайра иштетүү аталышындагы форумга катышып келди. Форум Фергана шаарында өткөрүлдү. 3 мамлекеттин дыйкандары катышты. Форум 3 күнгө созулду.
Жарманкени көрүп жаткан учур
Абсатар Эшимбаев
Абсатар Эшимбаев:
«Өзбекстан мамлекетинде өткөн форум жогору деңгээлде өттү. Жалпы 3 мамлекеттин калктары катышты. Кыргызстан, Тажикистан, жана Өзбекстан. Форумда жеке ишкерлер өздөрүнө көптөгөн маалыматтарды алды. Форумга айыл чарба министрлиги да катышты. Форумда практика жүзүндө, жана слайд аркылуу кызыктуу кызыктуу маалыматтар берилди. Форум 3 күнгө созулду. 3 күн мейманкана түнөдүк. Форумда алган билимдеримди айыл тургундары менен бөлүшүүгө аракет кылам.»
Айыл чарба эксперти Манас Саматов менен
Чынара Көчкөнбаева