«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Россия Федерациясынын аймагына дары өсүмдүктөрүн алып кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат таратты.
«Манас» эл аралык аэропортунун берген маалыматы боюнча, Орусияга дары өсүмдүктөрүн алып кирүүгө тыюу салынды.
Гармала, курамында 1-Метил-7-метокси-9Н-пиридо [3,4 -b] индол (гармин) заты бар дары-дармек өсүмдүктөрү, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-июнундагы №681 «Россия Федерациясында көзөмөлгө алынуучу баңги, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык баңги зат катары кабыл алынат.
Сүрөт Иинтернеттен алынды
Аталган дары өсүмдүктөрүн Россия Федерациясынын аймагына алып кирүү боюнча бардык аракеттер РФ Кылмыш-жаза кодексинин 228, 228, 1, 229 — беренелери боюнча кылмыш жана административдик укук бузуу болуп саналат.
Турсун Омуралиева