Курултайга 7 облустан лидер, прогрессивдүү, активист, ишкер, ар тармактан ийгилик жараткан аялдар катышат. Аялдардын тилектештик курултайын өткөрүү демилгеси 2021-жылы көтөрүлүп, Чүй, Ош, Нарын облустарында өткөрүлгөн. Бул жылы Аялдардын тилектештик курултайы Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарында өткөрүлдү.
Аймактарда өтүлүп жаткан курултайлар эми республикалык деңгээлде өткөнү жатат. Иш-чарага 7 облуста өткөн курултайлардагы делегаттар катышып, буга чейинки сунушталган резолюциялар талкууланат. Аларды ишке ашыруу жолдоруна көңүл бурулат.
Аялдардын тилектештик курултайы өлкөнүн лидер аялдарынын, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат аялдарынын, региондордогу активист аялдардын бири-бири менен пикир алмашуусу үчүн ачык аянтча. Мындай аянтча аялдарга бүтүндөй өлкөдөгү жана региондордогу маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн тилектештигин жана өз пикирин билдирүүгө, күчтөрүн бириктирүүгө шарт түзөт. Аялдардын тилектештик курултайы лидер аялдардын башын бириктирүү, аларга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү, аялдардын кызматташтыгын, тилектештигин бекемдөө жана аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Курултай Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.
Кошумчалай кетсек, Аялдардын тилектештик курултайы 2021-жылы Нарын, Чүй, Ош облустарында өткөн. Ал эми быйыл 15-февраль Баткен, 18-февраль Жалал-Абад, 25-февраль Ысык-Көл, 16-июнь Талас облустарында өткөрүлдү. Ар бир облуста өткөн иш-чарага 100дөн ашуун делегат катышты. Анда “Аялдардын саламаттыгы”, “Аялдардын саясий активдүүлүгү”, “Зордук-зомбулукту алдын алуу”, “Коопсуздукту камсыздоо” темаларында докладдар жасалган. Курултайдын өкүлдөрү айрым жергиликтүү бийликтерде бир да айым иштебегенине, Жогорку Кеңештеги аялдардын саны аздыгына токтолушуп, муну олуттуу кемчилик катары баса белгилешти. Бул көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн резолюциялар сунушталды. Андан сырткары, ар бир облуста резолюциялар кабыл алынды.
Резолюциялардын ишке ашырылуусун көзөмөлдөө үчүн ар бир облустун лидер аялдарынан турган атайын комитет түзүлдү. Аялдардын тилектештик курултайынын жүрүшүндө ар бир региондогу лидер аялдар тарабынан кабыл алынган резолюцияларды ишке ашыруу планын иштеп чыгуу, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аларды ишке ашыруу пландалууда. Курултай эки жылда бир өткөрүлүп, мындан ары аймактардын жана коомдук мейкиндиктин ар кыл чөйрөлөрүнүн ортосунда жемиштүү кызматташтыкты түзүү үчүн, пикир алмашуу, аялдардын өз укуктарын билүүсүн жогорулатуу жана ага байланыштуу көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издөөнү улантат. Андан сырткары, мындай демилге буга чейин кабыл алынган резолюциялардын ийгиликтүү аткарылышына, саясий катышууда аялдардын санынын көбөйүшүнө салым кошот.