Акыркы жылдары бала жаңы төрөлөрү менен эле энесинин көкүрөгүнө жаткырган ыкма медицинада кеңири колдонулуп келе жатат. Муну дарыгерлер бала төрөлүп жатып эле эмчек сүтүндөгү майлоочу майды сезет, эмүү рефлекси пайда болот. Ошон үчүн баланы жаткырганда эле эмчектин үрпүн издеп баштайт деп түшүндүрүшөт.
Андан соң эне төрөттөн кийин бир аз өзүнө келгенде баланы эң биринчи энесинин сүтү менен оозандырышат. Анткени ууз сүт наристе үчүн эң маанилүү зат. Ал -витаминге, белокко, майга бай коюу азык. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Бокен Исамамбетованын айтымында бала бир тамчы ууз сүт эмсе дагы пайдалуу.
“Ал баланын ичиндеги тунгакты сүрүп чыгарат. Мындай учурда бала бат сергийт, ичеги карды бат иштейт. Бала төрөлгөндө суу берүүнүн кажети жок. Анткени ууз сүт ичегини бир сыйра каптап кеткенден кийин ичегиде вирустар, бактериялар болбойт. Ичеги- кардын ооруларын алдын алат жана ууз сүт эмген бала оорубайт” дейт.
Дарыгерлер эмчек эмизүү боюнча дагы бир катар окуулардан өтүшчү. Анткени баланын оозуна эмчектин үрпүн туура салып, туура эмизүү керек.
“Кээде балага суу бериш керек, суусады дейбиз бирок эмчектен биринчи суюк суу сымал сүт чыгат. Андан кийин коюу, белокко, май бай сүт чыгат. Мына ошол эң алдыңкы суюк сүт баланы суусатпайт. Баланы илгери 2 саатта бир эмизчү. Азыр болсо бала чукуранып баштаганда эле эмизе бериш керек. 6 айга чейин кошумча тамак бербей эне сүтү менен бакса иммунитети күчтүү болот. Анткени ооруларга каршы эмдөөлөрдү алган эненин иммунитети сүт аркылуу балага өтөт. Эне баласын 6 айга чейин сүт менен камсыз кыла алат. Андан кийин 2 жашка чейин баланын өсүүсү тездейт дагы кошумча тамак берүүгө туура келет. Мынданы сырткары алты айдан баштап, аз кандуулукка текшерип баштайбыз. Эгер пайда боло баштаса анда алдын алууну баштайбыз” деп кошумчалады Бокен Исамамбетова.
Баланы тез-тез жана туура эмизүү зарыл
Барчын Мамытбекова