Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Алыбаев үйүндөгү чакан бакчага быйыл органикалык жер семирткичтин жардамы менен дарбыз өстүрүп жатат.
Бир даана дарбыздын орточо салмагы 4-5 кг болот. Мындан сырткары бакчасында ушундай ыкма менен өстүргөн бадыраң, ашкабак дагы бар.
Былтыр Германия кызматташтык уюмуна органикалык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча долбоор жазып, утуп алышкан. Долбоордун негизинде уюм калифорния сөөлжанын каржылап, учурда Ак-Тал айылында 2-3 жерде биогумус өстүрүлөт. Ал кадимки эле малдын кыгына кое берилет. Кышы бою сөөлжан багып чыккан Дастан жазында өзү өндүргөн органикалык жер семирткичти байкап, эксперимент кылып дарбыз айдаган.
“Дарбызды кичирек аянтка биринчи жолу биогумустун жардамы менен өстүрүп жатабыз. Биздин шартта дагы айдап, өстүрсө болот экен. Бирок урук тандабай эле табылганын айдадык. Жакшы эле байлады. Жеш үчүн эмес эксперимент катары айдагандыктан канча салмакка чейин өсөрүн, август айынын аягына чейин байкап көрөлү деп жатабыз”,- дейт.
Бакчага буга чейин деле кык менен жашылча айдалчу. Бирок жалбырактары бат эле саргайып кетчү. Бул жолу андай болгон жок. Азык жетишчү эмес окшойт деп кошумчалады Дастан Алыбаев.
Барчын Мамытбекова