Бул сөз Ак-Талаа районуна таанымал футболчу, тренер Жыргалбек Байсеркеевдин көп айткан сөзү эле… Көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак.
Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда Жыргал Байсеркеев абдан мээримдүү, катуу айтпаган, айланасындагы адамдарды өз атынан эмес, эркелетип чакырган, камкор адам болгон. Анын жашоосунда футбол бөтөнчө маанилүү орунду ээлечү.
Жаш кезинен эле уюштургуч жөндөмү бар Жыргал Байсеркеев көчө командаларын топтоп, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерди уюштурган. Жеңил атлетикага дагы катышып, баскетболду мыкты ойногон. 1965-жылы мектеп окуучуларынын облустук футбол боюнча биринчилигинде техника жана тактикасы боюнча областта эң мыкты оюнчу деген дипломго ээ болгон.
“Булгаары топ” клубунун байгеси үчүн мелдеште 1974-жылдан 1989-жылга чейин биринчиликти колдон чыгарган эмес. Республикалык биринчиликтерде Талас, Токмок, Кара-Кол, Ош, Кант, Фрунзе шаарларынын футболдук жашыл талааларындагы мелдештерге катышкан.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында агайдын 75 жылдыгына карата эскерүү турнири өткөрүлөт. Учурда уюштуруу иштери жүрүп жатат.
“Сыйга укмуш эле. Адамдын кадырын көзү барда билбейт турбайбызбы. “Я сто лет буду жить” десе эле ии жүз жыл жашайт турбайбы деп ойлоп жүрүпмүн. 69 жашында күтүүсүз өтүп кетти. Бирок биз бактылуу жашадык” деп эскерет жубайы Жумабү Төлөбекова.
Жубайы Жумабү эже менен 4 баланы багып, чоңойтушту. Алардын ичинен үчөө ата жолун жолдоп мугалимдик кесиптин ээлери.
Барчын Мамытбекова