Ак-Талаа районундагы 18 орто мектептин 14нө жакын арада компьютерлер берилет. Азыркы учурда компьютер коюу үчүн эмеректер келди. Ал эми компьютерлер сентябрга пландалууда.
КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында келип жаткан компьютерлер Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган. Долбоордун негизги максаты-билим берүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ильичбек Жакшылык уулунун маалыматына караганда ар бир мектепке берилчү 15 даана компьютер компьютердик окуу бөлмө катары бир бөлмөгө коюлбайт. “Себеби STEM предметтерине лабораториялык иштерди өткөрүү максатында 3төн кылып 5 кабинетке коюлат. Район боюнча 210 компьютер эмеректери менен келет,-” деди.
Барчын Мамытбекова