Максат бул- адамдын жеке жетүүнү каалаган, үй-бүлөлүк, финансылык, руханий жана репутациялык абалы. Айтсак белгилүү бир убакытта, өзүбүздү кайсыл жерде көргүбүз келет ошолордун баардыгы максат. Бул тууралуу лайф-коуч, акыл эс боюнча тренер Чыңгыз Жапаров түшүндүрүп берет.
Максатты коюп жатканда чектөөлөрдү алып салып эч бир чектөөсүз коюш керек….
Максат коюп жатканда сизде көптөгөн акча бар, каалаган өлкөгө бара аласыз, каалаган нерсенизди ала аласыз.Ошону элестетип ошондо эмнени алмаксыз деген мааниде коюш керек.
Адатта биздин максатыбыз өзүбүздүкү эмес, башкалардын максаты болот….
Эл эмне алып атса сенде ошону алгың келет. Сен өзүң каалаганды эмес, эл каалаганды алгын келет, бул максаттардын күчү аз болот. Максат бул- күч кубат берет, артыбыздан бизди түртө турган нерсе. Гарварддын изилдөөсү боюнча максаттуу адам максатсыз адамдарга караганда бактылуу жашайт.
Максатты кантип коюш керек?
Максат коюуда чек болбош керек. Бир адам кылган нерсени экинчи адам да кыла алат. Сен кыла албаган нерсени элестетпейсиң. Эмнени элестетип максат койсоң демек, ал боло турчу нерсе сен аракет кылсаң максатың орундалат. Эгерде сен кыла алам десең, сени эч ким тосо албайт. Айылдыксынбы, тил билбейбизсинби эч ким тосо албайт. Ал эми кыла албайм десең сенде баардык мүмкүнчүлүк болсо да, кыла албайсың анткени сен оюнда жеңилгенсиң.
Эвелина Жумабекова