Нарын облусунун, Кочкор районуна караштуу, Чолпон айылында жолбун иттерди (кароосуз калган) жок кылуу иштери жүрдү. Жалпы 147 ит 4 мышык атылды. Мал доктурдун айтымында иттер түрдүү ооруларды жайылтуучулар болот. Негизи эреже боюнча итти эртең мененки саат 6 дан кечки 11 ге чейин байлап багыш керек.
№6Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу башкы медайымы Айзада Касымова:
«Көчөдөгү иттер кутурма оорусу менен ооруп адамды тиштеп алса жугат. Ошол иттерге атайын даярдалган дарылары болот. Дарыларды иттерге жедирип, укол сайдырсак биз алардан инфекция ала албайбыз».
Айыл тургун Чыңгыз Ишенов иттерден түрдүү оорулар адамга гана жукпастан малга дагы жугуп зыянга уруроо мүмкүн экендигин белгилеп, ар бир ит багуунун каалагандар ага жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керектигин эскертти:
«Бул көчөдөгү ээси жок же ээси бар, бирок кароосуз калган, тамак бербей карабай коё берип жиберген иттерди жолбун иттер деп аташат. Бул иттер таштандылардан абдан ыплас жерлерден тамактанышат. Жолбун иттердин адамдарга зыяны: бул иттерде жугуштуу оорулар, мите курттар болот. Ошондой эле «Кутурма» оорулары менен оорушат. Кутурма оорулар иттерде көп кездешет. Алар иттен малга жана адамга жугат. Эгерде малга жукса анда аягы өлүм менен бүтөт. Ошондой эле адамга жуга турган болсо анда адам даарыларга чалдыгып, көп каражат кетирет. Ал эми кыш мезгилинде санитар уюшулат айыл өкмөт жактан ошондо гана иттерди атып өлтүрүшөт. Эгерде адам ит багам десе иттин милдетин алышы керек. Мисалы итке өз убагында тамак берип, аны ветеринарга көрсөтүп кам көрүү зарыл».
Чолпон айылынын мал доктуру Нурдос Сагындыков иттер өздөрү оорубай эле, ооруну таратуучулар болушарын айтып убагында дарысын берип туруу зарылдыгына токтолду:
“Ички паразит ооруларына каршы 1 жылда 4 мезгилде бир жолудан таблетка берип туруу керек. Таблетканы бергенден кийин 3 күн бошотпой байлаш керек. Ал эми бул таблеткалар берилбей калса паразиттерди чөптөргө, сууга, ар кандай жерлерге заңдоо аркылуу таштап кетишет. Анан аны малдар жеп, ичишкенде өпкөсүнө, ичегилерине жабышып алып ошол жерден өрчүйт. Биз адамдар малды союп жегенде көбүнчө өпкөсүнөн эхинококкоз, альвеококкоз деген ооруларды жугузуп алышат. Кыргызстанда бул ооруларды хирургиялык жол менен дарылоого мүмкүн эмес. Ошондуктан чет өлкөлөргө барып даарыланып келүүгө туура келет. Көбүнчө оорулар жолбун иттерден жугат. Алар ачка болгондуктан таштандылардан, ар кандай жаман жерлерден тамактанышат. Чолпон айыл өкмөтүнөн Узун-Булак айылынан бөлөк 9 айылдын иттерин аттык. Негизи итти эреже боюнча эртең мененки саат 6 дан кечки 11 ге чейин байлап багыш керек”.
Аяна Эрланова, Амина Кубанычова