Тогуз-Торо районунун №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарында «Мектептеги инновациялык билим берүү технологиялары-билим сапатын жогорулатуунун негизи» темасында райондук семинар болуп өттү.
Семинарда жалпысынан 7 мугалим сабак даярдап билим берүүдөгү ар түрдүү усулдарды «Окуу керемет»долбоорунун стратегияларын пайдаланууну менен, ар түрдүү сайттарды пайдаланып сабак өтүштү. Окуучулар ата-энелер менен биргеликте болгон спорттук оюн сабагы жана суу үстүнө сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү семинардын көркүн ачты.
Чынара Жусубакунова «Боёктор дүйнөсүнө саякат» деген темада көркөм өнөр сабагынан мастер класс өттү. Технология мугалими Гулмира Байтикова тарабынан «Көркөм кол өнөрчүлүк калк казынасы” деген темада көргөзмө уюштурду.
Жыйынтыгында семинардын катышуучулары өз каалоо-тилектерин айтып, семинар жогорку деңгээлде болгондугун белгилешти.
Семинардын максаты окуучулардын XXI кылым көндүмдөрүн калыптандыруу менен заманбап билим берүүнүн талаптарын ишке ашыруу.
Эвелина Жумабекова