Чүй облусунун Сокулук районундагы Токбай айылында Мария Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплекси 2023-жылдын 1-сентябрында ачылып ишке берилген. Бүгүн аталган мектепте үзүрлүү эмгек кылып дүйнөдөн өткөн Осмоналиев Тендик агайдын атындагы биология кабинети жана Усубалиева Дарика атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинеттери ачылды.
Кабинеттин ачылышы
Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Токбай айылынан чыккан эң алгачкы мугалим Суранчиева Мария Григорьевна болгон. 1932-жылдан 1986-жылга чейин Мария Григорьевна башталгыч классынын мугалими болуп иштеген. Кыргыз ССРнин Эл агартуу отличниги наамына ээ болгон. Мария Суранчиеванын көп жылдык эмгеги бааланып Токбай айылындагы жаны ачылган мектепке аты ыйгарылган. Токбай айылынан билим берүү жаатында эмгеги синген мугалимдер көп чыккан. Алар: Суранчиева М.Г., Атабеков С.А., Алыгулов С.А., Усубалиева Д.У., Расбердиев Т.Р., Осмоналиев Т.О., Жапаркулова Ж.Ж., Сардарова Б.С. жана башка. Катышуучулар
2024-жылдын февраль айында Мария Суранчиева атындагы окуу- тарбия комплексинде Осмоналиев Тендик агайдын атындагы биология кабинети жана Усубалиева Дарика атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинеттери ачылды. Осмоналиев Тендик агай 1936-жылы Токбай айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылы Ош пединституттун химия-биология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кызыл-Туу мектебинде мугалим болуу менен баштаган. Билим берүү жаатында көп үзүрлүү эмгектерди жараткан. 2011-жылы дүйнөдөн кайткан.
Кабинеттер менен таанышуу
Усубалиева Дарика эже 1931-жылы Токбай айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган сон Фрунзе шаарындагы педтехникумдан билим алган. Эмгек жолун Кызыл-Туу мектебинен баштап өмүрүнүн акырына чейин эл үчүн, балдар үчүн кызмат кылган. Мектеп директору, айылдык кенештин депутаты болуп да иштеген.
20-февралда Мария Суранчиева окуу- тарбия комплексинде аты аталган мыкты мугалимдердин кабинетинин ачылышына Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы, Сокулук райондук билим берүү борборунун адистери, айылдык кенештин депутаттары, агай-эженин туугандары, балдары жана Токбай айылынын аксакалдары катышты.
Даярдаган:Айсулуу Нурматова